Петропавлов чеби

Википедия дан
Петропавлов чеби.

Петропавлов чеби - Санкт-Петербургда (Россия). Коёндуу аралында 1703-ж. 16-майда Пётр 1нин долбоору боюнча курула баштаган. Анын чеп дубалы менен бириктирилген 6 бастиону, 2 равелини, кронверки бар. Алгач топурак менен жыгачтан салынып, 18-кылымдын 30–40- жана 80-жылдарында анын сыртынан таш коргондор курулган. П. ч-ндеги тарыхый жана архитектура эстеликтери: Пётр (1717–18, архитектор Д. Трезини) жана Нева (1784–87, архитектор Н. А. Львов) дарбазалары, Петропавлов собору (1712-33, архитектор Д. Трезини; Пётр Iден Александр IIге чейинки орус императорлорунун сөөгү коюлган). 18-кылымдын 2-чейрегинен Алексей равелини, Трубецкий бастиону жана Нева куртинасы өтө катаал режимдеги саясий түрмө болгон. Аларда А. П. Радищев, декабристтер, петрашевскийчилер, 1860-жылдагы коомдук кыймылдын катышуучулары, эл эркчилери, социал-демократтар камакта болушкан. 1993-жылдан «Петропавлов чеби - Санкт-Петербург мамлекеттик тарых музейи» тарыхый-маданий коругу. Бүткүл дүйнөлүк мурастын объектиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]