Ниуэ аралы

Wikipedia дан

Ниуэ аралы, Савидж («Жапайылар аралы») – Жаңы Зеландиядан эркин ассоциацияланган өзүн-өзү башкаруу статсусуна ээ өлкө (1974-жылдан). Тынч океандын борбордук бөлүгүндө, аты окшош шуру аралында (бийиктиги 91 мге чейин) жайгашкан. Жаңы Зеландиянын Полинезиядагы мурдагы ээлиги. Тонга аралынан 480 км аралыкта. Аянты 260 км2. Калкы 4,1 миң (2010); негизинен ниуэ полинезиялыктар. Динге ишенгендердин көпчүлүгү протестант-конгрегационалисттер. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2ге 6,4 киши. Расмий тили – ниуэ жана англис тилдери. Борбору – Алофи. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Дүйнөдөгү эң ири шуру аралдарынын бири. Аралды 1774-жылы Ж. Кук ачкан. Ниуэ аралы 1900-жылдан Улуу Британиянын протектораты болуп, 1901-жылдан Жаңы Зеландиянын башкаруусуна өткөн. Азыркы статусуна 1974-жылдан ээ. Ниуэ аралы – көз каранды эмес демократиялуу федерация мамлекет. Жаңы Зеландиянын аралдагы өкүлү – Жогорку комиссар. Башкаруунун формасы – конституциялык монархия. Шериктештикке кирет. Климаты ысык жанатропиктик деңиздик (муссондук). Орточо температурасы 30˚С, июль– августта 26˚С. Жылдык жаан-чачыны 2180 мм (айрым жылдары 3300 мм). Кээде кыйраткыч циклондор болуп турат. Топурагы күрөң-кызыл көпшөк. Аралда дарыя, көл жок. Тропиктик токой, бадалдар өсөт. Сүт өмүүчүлөрдөн ит, чочко жанамышык бар. Канаттуулардын 31 түрү (анын ичинен эндемиктери да бар) мекендейт. Буларды коргоо максатында бир нече коруктар (ириси Хувалу) жана Макану тумшугунан түштүктө Аноно деңиз коругу уюштурулган. Чарбасы Жаңы Зеландиянын финансылык жардамына көз каранды. ИДПнин көлөмү – 10,1 миллион АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштөргөндө 5,8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 50, өнөр жайыныкы 27, айыл чарбаныкы 23. Аралда 2007-жылы3 миллион кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жергиликтүүайыл чарба сырьёлору (анын ичинен копра өндүрүшү) иштетилет. Белек-бечкектер даярдалат. Айыл чарбага жарактуу жери аз. Маниок, батат, ямс өстүрүлөт. Үй куштары багылып, бир аз бодо мал, чочко асыралат. Балыкчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. 230 км (анын ичинен 120 кми асфальтталган). Сырттан азыкомитетүлүк, өнөр жай товарлары, машина, отун, медициналык жабдуулар алынат. Билим берүү системасы Жаңы Зеландиянын модели менен (5 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө) жүргүзүлөт. Орто мектеп, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы бар. Арал дүйнөдө алгачкылардан болуп улуттук интернет (зымсыз) системасына кирген. Интернеттен маалымат кабыл алуучу антенналар кокос пальмаларында эле илинип турат. Алар күн энергиясынын негизинде иштейт. Интернет тармагы калктын бардык катмарына жетимдүү. 1994жылдан оффшордук зона. Негизги соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия. Туризм өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]