Гуам
Jump to navigation
Jump to search
Гуам — Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү арал, Мариана аралдар тобунун эң чоңу.
АКШга карайт. Аянты 533,5 км2. Калкы 102 миң (1969). Башкы шаары — Аганья. Аралдын түштүгү (эң бийик жери 450 м ге чейин, жанар тоо атылууларынан пайда болгон андезиттен турат, түндүгү (ойдуң жагы) коралл, аки таш тегинен түзүлгөн.
Жер титерөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттуу. Орт. айлык температурасы 26°С. Жылдык жаан-чачыны 3000 мм чамалуу. Тоолорунун түштүк жана чыгыш беттерине нымдуу тропик токою, түндүгүнө саванна мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.