Индуизм

Википедия дан

ИндуизмИндиянын байыркы салттык дини; Индияда ошондой эле индиялыктар жашаган чыгыш өлкөлөрүндө таралган. Биздин замандын 1-миң жылдыгында калыптанган. Анын окуусунун идеясы веда жана брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле Индуизмде жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку кудайларды (Вишну же Шива) же алардын кубулгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. Касталар) эрежелерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) боюнча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн лотос жана башкалар ыйык деп эсептелет. Индуизмге кудайдын универсалдуулугу жана баарына бирдей жалпылыгы жөнүндөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. Индуизм вишнуизм, шактизм, саура жана шиваизм агымдарынан турат. Учурда Индуизм динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]