Фернан Магеллан

Википедия дан
Фернан Магеллан.

Фернан Магеллан [(португалча Magalhnвres, испанча Magallanes), болжолдуу 1480-жыл чен Cаброза, Траз-уж-Монтиш областы, Португалия – 27. 4. 1521, Филиппин, Мантан аралы] – португалиялык деңиз саякатчы. Анын экспедициясы Жер шарын биринчилерден болуп айланып чыккан. Малакка жарым аралына 2 жолу (1509, 1511) жеткен. Испаниялык экспедицияны (1519–21) жетектеген. Экспедициянын жүрүшүндө ал алгачкылардан болуп Түштүк Американы Оттуу Жер архипелагы менен материктин ортосундагы кысык аркылуу (Магеллан кысыгы) айланып, Тынч океанды кесип өтүп, Филиппин аралына жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылышууда курман болгон. 1522-жылы Магелландын экспедициясынан калган бир кеме (Х. С. Элькано башкарган «Виктория» кемеси) Африканын түштүгүн айланып өтүп, Испанияга кайткан. Бул саякатта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү Дүйнөлүк океандын бар экендиги биротоло далилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]