Магеллан кысыгы

Википедия дан
Магеллан кысыгы.

Магеллан кысыгы - Түштүк Америка материги менен Оттуу Жер аралынын аралыгында. Чилиге карайт. Атлантика жана Тынч океандарын туташтырат. Узундугу 575 км, эң кууш жери 2,2 км, эң тайыз жери фарватеринде 19,8 м. Көптөгөн суу астындагы аскалар жана тайыз жерлер кеме жү­рүүгө тоскоолдук кылат. Оттуу Жер архитектурасындагы мөңгүнүн этеги кысыктын деңгээлине чейин түшөт. Кууш жериндеги суу ташкынынын ылдамдыгы 25 км/саат. Порту – Пунта-Аренас (Чили). 1520-жылы кысыкка 1-жеткен испан деңиз саякатчысы Ф. Магелландын ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]