Мариана аралдары

Википедия дан
Мариана аралдары.

Мариана аралдарыТынч океандын борбордук бөлүгүнүн батышындагы аралдар тобу, Микронезияда. 15 ири (Гуам, Рота, Сайпан ж. б.) жана бир нече майда аралдан, рифтен турат. Аянты 1,1 миң км2ден ашык. Калкы 170 миңдей (2005). Гуам аралы – АКШнын ээлиги, калгандары Тынч океан аралдары менен бирге БУУнун көзөмөлүндө болуп, АКШ башкарат. Сайпан аралында административдик борбору – Хагатна жайгашкан. Аралдар жанар тоо жана шуру рифтеринен пайда болгон. Аракеттеги жанар тоолору да бар. Жер титирөө жана тайфун тез-тез болуп турат. Бийиктиги 965 мдей. Климаты тропиктик, пассаттык. Январдын орточо температурасы 20°С; июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1800–2100 мм. Тоолорунун түштүк жана чыгыш капталдарына дайыма жашыл тропик токою, түндүгүнө ксерофиттүү дан өсүмдүктөрү өсөт, бал камыш, кокос пальмасы, банан, пахта жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Испаниянын королу – Филипп IVнүн аялынын атынан. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]