Питкэрн аралдары
| |||||
| Урааны: "God Save the Queen" | |||||
| Гимн: "Come ye Blessed" | |||||
| Расмий тили | англис тили, питкэрн тили | ||||
| Борбор шаары | Адамстаун | ||||
| Ири шаарлар | Адамстаун | ||||
| Башкаруу формасы | Конституциялык монархия Улуу Британиянын деңиздеги алыскы аймагы | ||||
| Король Губернатор Мэр Башкы сот | Чарльз III Лаура Кларк Янг Саймон Чарльз Блэки | ||||
| Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
| Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 248-орун - дүйнөдө 48 км² 12 | ||||
| Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 54 адам (245-орун) 1,04 ад./км² | ||||
| Акча бирдиги | Жаңы Зеландия доллары (NZD) | ||||
| Домени | .pn | ||||
| ISO коду | PN | ||||
| Телефон коду | +64 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC -08:00 | ||||
Питкэрн аралы – Улуу Британиянын Тынч океандагы жалгыз «деңиздеги алыскы аймагы» (1838-жылдан). Тынч океандын түштүк-чыгышында жайгашып, батышынан Француз Полинезиясы менен чектешет. Арал жанар тоонун (өчкөн, бийиктиги 335 м) аракетинен пайда болгон ээн аралдардан [Хендерсон (аянты боюнча эң чон, 37,3 км2), Дюси (Дьюси) жана Оэно] жана шуру рифтеринен турат. Жалпы аянты 47 км2. Калкы 56 (2013); англис моряктары («Баунти» кемеси 1790-ж. ушул жерде кыйроого учураган) менен полинезиялыктардын аралаш никесинен келип чыккан. Калкынын орточо жыиггыгы 1 км2 жерге 1,4 киши. Расмий тили - англис тили (питкэрн тилинде да сүйлөшөт). Борбору – Адамстаун (аралдагы жалгыз тургун жай). Климаты деңиздик субтропиктик. Орточо айлык температурасы кышында августта 18°С, жайында февралда 24°С. Жээк сызыктары өтө тилмеленген. Жакын жайгашкан аралдары – Пасхи, француздук Полинезияга караштуу Туамоту жана Гамбье (бул аралдар ичүүчү суунун жоктугунан ээн; булардын узундугу 3 км, туурасы 1,5 км).
Арал европалыктар тарабынан 1767-ж. ачылган. 1790-жылдан эл келе баштаган. Улуу Британиянын Жаңы Зеландиядагы жогорку комиссары (эки кызматты тең аткарат) Аралда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы – бир палаталуу аралдар кеңеши бар. Аралдын топурагы күрдүү. Жашылча-жемиш, цитрус жана бакча өсүмдүктөрү, бал камыш, банан, ямс жана буурчак өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Газ жана дизель менен иштеген электр станцияларынан электр энергиясы өндүрүлөт. 1988-жылдан монета (негизинен жүгүртүлбөйт) чегилет. Почта маркаларын чыгарат. Билим берүүсү 5 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө окушат. Туризм өнүккөн. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
| Океания өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
| Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
| Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы | |