Касабланка

Википедия дан
Касабланка.

КасабланкаМарокконун батышындагы шаар. Касабланка облусунун административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 25 млн тонна жүк ташылат). 7-кылымдан Анфа деген ат менен эскерилет. Шаардын эски бөлүгү (Эски Медина) айланта дарбазалуу дубалдар жана бастиондор менен курчалган. Кууш көчөлөрүндө мечиттер, кумпалуу күмбөздөр жана соода жайлары жайгашкан. Океанга жакын жерде Хасан IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресеси, китепканасы менен; кызгылтым граниттен салынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуучу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттердин бири, бийиктиги 210 мдей), шаардын жаңы бөлүгүндө кенен аянттар, парктар, фонтандар жана көп кабаттуу үйлөр жана башка салынган. ИИИлер (анын ичинде Пастер, балык, океан, биология жана биохимия жана башка), университеттер (Хасан II жана башка), консерватория, жогорку мектептер, китепканалар, музейлер (анын ичинде иудаизм), театрлар бар. Касабланка – өлкөнүн ири финансы, соода жана өнөр жай борбору. Касабланкада Фонд биржасы (көлөмү 19 млрд доллардан ашык; 2006), Марокконун жана чет өлкөлөрдүн ири банктарынын башкы офистери, өкүлчүлүктөрү, көп улуттук компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш (балык жана деңиз азыктарын белендейт), химиялык, цемент, тамеки, айнек эмерек өнөр жай жана курулуш материалдар ишканалары иштейт. Балык кармалат. Касабланкага жакын Булауан чебинин калдыктары сакталган. Жыл сайын эл аралык ярмарка өткөрүлүп турат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]