Касабланка конференциясы (1943)

Википедия дан
Касабланка конференциясы.

Касабланка конференциясы (1943) - антигитлердик коалициянын конференциясы. Ага АКШнын президенти Франклин Рузвельт, Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль, Согушуп жаткан Франциянын башчысы генерал Шарль де Голль жана ошондой эле жогорку аскер жетекчилери катышкан.

14-24 январда Касабланка шаарында (Марокко) өткөн. Касабланка конференциясында союздаштардын 1943-жылдагы согуш операцияларынын перспективасы талкууланган. Түндүк Африкадагы кампания бүткөндөн кийин союздаштардын аскерлерин Сицилияга түшүрүү менен Италиянын согуштан чыгаруу, британ жана америкалык аскерлер үчүн Балканда плацдарм даярдоо жөнүндө макулдашылган. Франциянын түндүгүндө 2-фронтту ачуу жөнүндө сөз болгон эмес. Касабланка конференциясында Рангундан япон аскерлерин кууп чыгуу үчүн Түндүк Бирмада жүргүзүлүүчү операциялардын планы да бекитилип, Түндүк Африкадагы француз администрациясы, Түркиянын согуштагы позициясы, колониялардын согуштан кийинки тагдыры жөнүндөгү маселелер талкууланган. Рузвельт 1943-ж. 24-январда Касабланкада өткөрүлгөн пресс-конференцияда фашисттик Германия, Италия, Жапония «кыңк этпей багынып бергиче» союздаштар согушту уланта берет деген маанилүү билдирүү жасаган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.