Антигитлердик коалиция

Википедия дан

Антигитлердик коалиция - Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндөгү (1939-45) фашисттик Германиянын, Италиянын, Япониянын жана алардын саттелиттеринин агрессиячыл блогуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн мамлекеттердин жана элдердин союзу. Ага СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай, ошондой эле Югославия, Польша, Чехословакия, Австралия, Бразилия, Индия, Канада, Эфиопия жана башка мамлекеттер кирген. Фашисттик агрессорлор тарабынан басып алынган аймактардагы партизандык жана Каршылык көрсөтүү кыймылдары, бүткүл дүйнөдөгү антифашисттик, пацифисттик уюмдар Антигитлердик коалицияга чоң жардам беришкен. Антигитлердик коалиция 1941-жылы июнда фашисттик Германиянын СССРге кол салуусуна байланыштуу түзүлө баштаган жана буга катышуучулардын союздаштык мамилелери 1942-жылы 1-январдагы 26 мамлекеттин Вашингтон декларациясында, ошондой эле андан кийинки бир катар документтерде бекемделген. Декларацияга кол койгон мамлекеттер бардык аскердик, экономикалык ресурстарын фашисттик өлкөлөргө каршы күрөшкө багыттоого жана алар менен сепараттык келишимдерге кол койбоого милдеттенишкен. Экинчи дүйнөлүк согуш бүтөөрүндө 53 мамлекет фашисттик блоктогу өлкөлөр менен согуш абалында турган. Антигитлердик коалиция өз милдетин ийгиликтүү аткаруу менен Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде жеңишке жетишүүдө зор роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1