Жыйырма алты мамлекеттин декларациясы (1942)

Википедия дан

Жыйырма алты мамлекеттин декларациясы (1942), Вашингтон декларациясы - 1-январда антигитлердик коалицияга катышкан Австралия, Бельгия, Улуу Британия, Гаити, Гватемала, Гондурас, Греция, Доминикана Республикасы, Индия, Канада, Кытай, Коста-Рика, Куба, Люксембург, Нидерланд, Никарагуа, Жаңы Зеландия, Нормандия, Панама, Польша, Сальвадор, СССР, АКШ, Чехославакия, Югославия жана Түштүк Африка Союзу мамлекеттеринин өкүлдөрү кол койгон декларация.

Бул мамлекеттер өздөрүнө каршы согуш жүргүзүп жатышкан үчтүк пактынын катышуучуларына жана аларга кошулушкан мамлекеттер менен кызматташ болбоого жана алар менен ар кандай бир жактуу келишим түзүүгө каршы туруп, өзүнүн бардык согуштук жана экономикалык ресурстарын душманды биротоло жеңүүгө жумшоого милдеттенишкен. Ансыз адамдардын эркиндигин, көз карандысыздыгын, укугун, адилеттикти сактап калуу мүмкүн эмес дешкен. Жыйырма алты мамлекеттин декларациясында гитлеризмди жеңүү күрөшүнө материалдык жардам жана көмөк берип жаткан же бере турган улуттардын да кошулуш мүмкүндүгүн белгилешкен. Декларациям кол койгон мамлекеттер менен кийин ага кошулгандар Бириккен Улуттар деп аталган. Жыйырма алты мамлекеттин декларациясы антигитлердик коалициянын биригүүсүнө көмөк болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.