Нацисттик Германия
| Германиялык рейх (1933–1943) Улуу германиялык рейх (1943–1945) империя | |||||||||
| |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
| Ураан «Ein Volk, ein Reich, ein Führer» | |||||||||
| Гимн Das Lied der Deutschen («Немистердин ыры») Horst-Wessel-Lied («Хорст Весселдин ыры») | |||||||||
| Борбору | Берлин | ||||||||
| Ири шаарлары | Берлин, Вена, Гамбург, Мюнхен | ||||||||
| Тил | Немис тили | ||||||||
| Дин | Динден тышкары | ||||||||
| Акча бирдиги | рейхсмарка | ||||||||
| Аянт | 633 786 км² (1938) 696 265 км² (1941) | ||||||||
| Калк | 109 518 183 киши (1940) | ||||||||
| Сулале (династия) | Национал-Социалисттик Немис Иштөөчү Партиясы (нем. NSDAP) | ||||||||
| Фюрер | |||||||||
| - 1934—1945 | Адольф Гитлер | ||||||||
| Рейхспрезидент | |||||||||
| - 1934 чейин | Пауль фон Гинденбург | ||||||||
| Өтүүчүлүк | |||||||||
| ← Веймар Республикасы Оккупацияланган Германия → | |||||||||
Нацисттик Германия, ошондой эле фашисттик Германия, Үчүнчү рейх (нем. Das Dritte Reich), гитлердик Германия катары белгилүү, 1943-жылга чейин расмий аталышы ― Германиялык рейх (нем. Deutsches Reich), андан кийн Улуу германиялык рейх (нем. Großdeutches Reich) ― 1933―1945-жылдары НСДАПнын тоталитардык башкаруусундагы Германия.
Этнохроним
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Үчүнчү рейх» термини о. кылымдагы үч падышалык жөнүндөгү мистикалык окуудан алынган. «Үчүнчү» же «мин жылдык» рейх (о. кылымдагы «Ыйык Рим империясы» 1-рейх, 1871-1918-жылдардагы Германия империясын 2-рейх деп эсептешкен) жөнүндөгү миф өзүн социалдык өнүгүүнүн «жогорку», «акыркы» етадиясы деп жарыялап, дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган фашизмдин идеологиялык негизи болгон. 1938-ж. мартта Германияга Чехия жана Клайпеда крайы бириктирилген, 1939-ж. сентябрда Германия Данциг шаарын жана Полынаны басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Германия Европанын (Испания, Португалия, Швейцария жана Швециядан башка) көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган. 1945-ж. 23-майда рейхспрезидент Карл Дёниц жетектеген Фленсбург өкмөтү таркатылган соң, «Үчүнчү рейх» өкүм сүрүүсүн токтоткон.
Оккупациялануусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1945-1949-жылдары Германиянын аймагы СССРдин, Улуу Британиянын, АКШ, Франциянын аскерлери тарабынан оккупацияланып, алардын аскердик администрацияларынын көзөмөлүндө болгон.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4