Веймар Республикасы

Википедия дан
Веймар Республикасы (1930).

Веймар Республикасы (1918/1919-1933) - биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Республикасынын аталышы. 1918-жылы 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт (Friedrich Ebert * 4.02.1871 Гейдельберг; † 28.02.1925 Берлин) жетектеген республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын Уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар шаарында болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция боюнча Германия федерациялык, парламенттик-демократиялык республика катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919-25), аны Гинденбург алмаштырган (1925-34). Версаль тынчтык келишиминин (1919) оор шарттары Веймар Республикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-жылы башталган дүйнөлүк экономикалык кризистин натыйжасында түзүлгөн экономикалык оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы жана өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы менен биригип кеткен жана тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-жылы парламенттик шайлоодо Улуттук-социалдык партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеңип алган. 1933-жылы президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-жылы 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соң, 1934-жылы президенттик постту өзүнө ыйгарып алган жана «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо менен, Веймар Республикасында демократиялык түзүлүштү жойгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]