Франклин Рузвельт

Википедия дан
Франклин Делано Рузвельт (1933).

Франклин Рузвельт 1882-жылы 30-январда бардар γй-бγлѳдѳ туулган. Атасы Жеймс Рузвельт, энеси Сара Делано. Бала чагы Гайд-паркта ѳткѳн, Нью-Йорк штатына караштуу Олбани шаарында. Ата-энеси Европага барган сайын Франклинди жанына алып дайым алып жγрγшчγ. Ошону менен бирге аны чет тилдерин, тарыхты , искуствону жакшы окутуш γчγн γйгѳ мугалимдерди чакырып окутушчу. 14-жашка чейин γйдѳн немец , француз тилдерин , тарыхты , искуствону мугалимдер менен окуп, ѳз алдынча дагы кѳп китептерди окуган. Маркаларды коллекция кылууга жана денизге саякат кылууга кызыккан, яхтада сγзγγнγ жактырган. 1896-жылы ата-энеси Франклинди Бостонго жакын Гротондогу аристократтардын жеке мектебине берген. Ал бараары менен 3-класска отурган. Мектептин программасына : латын, грек , француз,немец тилдери жана тарых кирген.Франклин кѳптѳгѳн моралдык принциптерди ѳздѳштγргѳн. Алсак ачууга алдырбоо, билим ,эмгек, жана чындык менен жγрγгѳѳ γйрѳнгѳн. 1900-1903-жылдары Гарвард университетинин студенти. Ал англис жана француз адабиятын , латын тилин, тарых, оратордук искусство, укук, экономика ж.б. курстарды тандап алган.Окуу мезгилинде студенттердин газетасы менен активдγγ иштешкен жана анын башкы редактору болгон. « Буларга жардам берγγ» фондунун мγчѳсγ. 1903 –жылы Гарвард университетинин бакалавр дипломун алып, кийинки жылы Колумбия университетинин юридика мектебине тапшырган.

Υй-бγлѳсγ.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1905-жылы Элеонорага (Франклиндин 5- муундагы таежеси,1901-1909-жылдардагы АКШнын президенти Теодор Рузвельтин жээни) γйлѳнгѳн. Франклин тууганына жеке симпатиясы болгон жана ак γйгѳ келип аны менен кенешип турган. Кийин ѳзγнγн саясий тагдыры демократиялык партия менен болсо дагы Теодор менен достук мамилесин γзгѳн эмес.Рузвельттин γй-бγлѳсγ 7 адамдан турган, аялы , кызы жана 4 уулу болгон.Алар Франклин менен башына тγшкѳн сыноосун, кайгы-капасын, жыргалчылыгын тен бѳлγшкѳн.Э.Рузвельт АКШнын тарыхында презденттин аялы гана эмес, чыгармачыл адам катары дагы белгилγγ. Анын жанындагылардын айтымында , Элеонора кγйѳѳсγнγн «кѳзγ жана кулагы» болуп шайлоо компанияларына катышкан, демократиялык партиянын бγтγндγгγн бекемдѳѳгѳ жардам берген, Америкада жана чет ѳлкѳлѳрдѳ ѳз макалалары, китептери менен конференцияларда чыгып сѳз сγйлѳгѳн,аялдар кыймылдарын ѳнγктγрγγгѳ ѳз салымын кошкон. Ф.Рузвельт 1907-жылы юридикалык мектепти аяктаган , мамлекеттик экзаменди тапшырбагандыгы γчγн диплом албай калган.

Ишмердик жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нью-Йорктогу юридикалык фирмалардын бирине практикага кирген. Кѳптѳгѳн сот иштерине катышып , конфликтик абалдарга кѳп кабылган. 1910-жылы анын саясаттык дебюттук жылы болгон .Себеби жаш юристке Нью-Йорк штатынын легистратурасына башкача айтканда мыйзам чыгаруу уюмуна талапкерлигин коюуну , демократиялык партиянын бир мγчѳсγ сунуш кылган. Эртеден кечке шайлоочулар менен жолугуп , ѳзгѳчѳ кѳнγлγн мурда республикачыларды колдогон фермерлерге бурган. Акыры алар менен тил табыша алган .Саясаттагы дебюту ийгиликтγγ болуп, 1913-жылы президент В. Вильсон (демократ) Ф. Рузвельтти аскер-дениз флоту министиринин орун басары кылып дайындайт. 7 жылдан ашык 1-дγйнѳлγк согштун алдында жана , жγрγшγндѳ АКШнын аскер-дениз флотун чындоо менен алектенген. Берилген тапшырманы так аткарган жана кѳп штаттардын саясий чѳйрѳсγ менен мамилесин γзгѳн. 1918-жылы узака созулган чет жерлердеги аскер базаларды жана согуштарды кыдыруусун аяктаган. Аскер чѳйрѳдѳ тез эле кадыр-барк топтоп, 2 жолу согушуп жаткан армияга жѳнѳтγγсγн суранган. 1920-жылы АКШнын вице-прездентигине талапкерлигин койгон . Ал ѳзγнγн чыгууларынын биринде тѳмѳндѳгγдѳй сγйлѳгѳн: «Биз акчанын саясатка таасир этγγсγнѳ каршыбыз, биз мамлекттик каржыны жеке адамдардын кѳзѳмѳлдѳѳсγнѳ каршыбыз , биз адамга товардай мамиле кылууга каршыбыз,биз айлык акынын аз болушуна каршыбыз,биз топтордун жана ураандардын бийлигине каршыбыз». Демократтардын активдγγлγгγнѳ карабай шайлоодо женилип калышкан.Алардын атаандаштары согуштан кийинки ѳндγрγштγн ѳнγгγшγнѳ кубанып жатышкан.Шайлоодон кийин Ф. Рузвельт Нью-Йорктогу ири финансылык корпорациялардын бирине вице-президент болуп орношкон. 1921-жылдын август айы Рузвельттин γй-бγлѳсγ жана жактоочулары γчγн трагедиялык мезгил болгон. Муздак сууга тγшγп келгенден кийин буттары баспай калган , кийин врачтар ага шал(полиомелит) деген диагноз коюшкан. Жакындарынын айтымында физикалык кѳнγгγγлѳрдγ жасоо кѳп кγчγн алган.Досторунан Джорджия штатында каралбай калган «Уорм –Спринг»(ысык ачкыч) аттуу курорт бар экенин угуп, ал жерге орулууларга курорт, ѳзγнѳ кичинекей γй курдурган. Кѳп машыгуулардын натыйжасында «ысык ачкыч» суусунда сγзгѳндγ γйрѳнгѳн, бирок басуу тилеги ишке ашпай калган. Жанындагыларга алсыздыгын билгизген эмес , ар дайым активдγγ, сγйлѳшγγгѳ даяр болуп, жумушта, жолугууларда оорусуна шылтоолоп женилдиктерди алган эмес. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган: Гарвард университетинин байкоо кенешинин мγчѳсγ, аскер-дениз клубунун президенти,Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун тѳрагасы,«Вудро Вильсон » фондунун негиздѳѳчγсγ, Жакынкы Чыгыш ѳлкѳлѳрγнѳ жардам берγγ комитетинин мγчѳсγ, Американын географиялык коомунун кенешинин мγчѳсγ ж.б.1928-жылы Франклинди демократиялык партиянын лидерлери Нью-Йорк штанынын губернаторлугуна кандидатын коюуну сунуш кылышкан.Шайлоодо 25 мин ашык добуш менен женип чыккан. Анын каршылаштары республикачылар штаттарда жана конгрессте лидерлик орунду ээлеп турушкан. Нью-Йорк демократтардын аралчасы болуп кала берген.Рузвельт шайлоочулар менен тγз сγйлѳшγγ методун колдонгон. Аялы менен бирдикте штаттарды кыдырып фермерлер ,ишкана ээлери жана жумушчулары, мектептер, ооруканалар менен таанышкан. 1933-жылы 2- мѳѳнѳткѳ 750 мин добуш ашык алып шайланган. Кызматка орношуп жатканда айткан сѳздѳрγнγн баары иш жγзγнѳ ашкан : «Мамлекеттин милдеттеринин бири ѳзγн ар кандай абалдардан улам бага албай калган адамдарга жардам бериш, бул баардык цивилизациялык мамлекеттерде таанылган , бирок аларга садака катарында эмес коомдук жумуштарды аткаргандан кийин гана жардамды беришибиз керек.Башкарууга жаны адамдарды тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Ал Колумбия жана Гарвард университетиндеги профессорлорго, юристерге, экономистерге , айыл-чарба адистерине кайрылып , алар Ф.Рузвельттин « мээ трестин» тγзγшкѳн. Рузвельттин 1932-жылы 7-апрелдеги радио аркылуу кайрылуусун анын ѳмγр баянын изилдѳѳчγлѳр ѳзгѳчѳ белгилешет: Биз жашап жаткан оор мезгилде , социалдык пирамиданын негизинде, унутта калган адамга ишенген план керек.» Бул сѳзγ менен ал Нью-Йорктогу гана эмес , бγткγл ѳлкѳдѳгγ боло турган жакшыруу жѳнγндѳгγ билдирγγсγн айткан. Америкадагы ѳндγрγштγк жанылануу «улуу деприсиялык» абалды курчуткан.Республикачылардын президенти Гувер: « Аз башкарган бийлик , бул жакшы бийлик деп атаган.» Кайра ѳндγрγп чыгаруу стихиясы , банк жана биржа спекуляциялары ѳлкѳдѳгγ баш аламандыкты кγчѳткѳн.«Кара бейшемби» деп аталган 1929-ж. 4-октябры акциянын баасынын тѳмѳндѳшγнѳ , 10 миллиарддык $ жоготууга алып келген. Ушундай абал чынжыр сыяктуу уланып кеткен. 1932-жылы ѳндγрγштѳгγ ѳндγрγм 1929-жылдын 50% гана тγзгѳн.Сатып алуучулук мγмкγнчγлγктγн азайышы жана баалардын тѳмѳндѳшγ фермерлерди 12 миллиард долларга карыз кылган. Мин деген фермерлик чарбалар талкаланды жана жумушсуздук кѳбѳйдγ. Жумушчулардын жана ачка адамдардын маршы башталды. Депрессияны «Улуу» деп аташат, ѳлкѳ финансылык, экономикалык,социалдык алааматка жакындап калган. 1933-жылы АКШ президенттигине Ф. Рузвельт шайланган, ага 22.8 миллион адам добуш берген (Г.Гувер 15.7 миллион добуш алган). Рузвельт АКШнын 32-президенти болгон. 1933-жылы 15-февралда Флорида штатынын Майами шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда теги италиялык Замара аны аткан, бирок ок жанындагы Чикагонун мэри Чермака тийип ,ал ѳлгѳн. Замара кармалганда Гуверди ѳлтγргγсγ келгенин, бирок ал жок болуп ордуна Рузвельтти аткандыгын айткан. Замара ѳлγм жазасына тартылган, электрошок менен жаза аткарылган. 1933-жылы 4-мартта суук жана кγн бγркѳк кγнγ кызматка келип, Капитолияда 100 мин америкалыктардын алдында сѳз сγйлѳгѳн: «Ачык айтууга мезгил келди, ѳлкѳнγн ушундай абалга келишине президент жана жумушун билбеген банкирлер кγнѳѳлγγ » деп эсептеген, эл аны колдогон.

Адабияттар: Новейшая история.-М.,1990год