Барак Обама
Барак Хуссейн Обама II англ. Barack Hussein Obama II | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
20-январь 2009 — 20-январь 2017 | ||||
Вице-президент: | Джозеф Байден | |||
Андан мурунку: | Жордж Буш II | |||
Андан кийинки: | Доналд Трамп | |||
| ||||
4 январь 2005-жыл — 16 ноябрь 2008-жыл | ||||
Андан мурунку: | Питер Фицжеральд | |||
Андан кийинки: | Роланд Бёррис | |||
| ||||
8 январь 1997-жыл — 4 ноябрь 2004-жыл | ||||
Андан мурунку: | Элис Палмер | |||
Андан кийинки: | Кваме Рауль | |||
Жарандыгы: | ![]() | |||
Дини: | методизм | |||
Туулган жери: | Гонолулу, Гавайи, АКШ | |||
Атасы: | Барак Хуссейн Обама I (1936—1982) | |||
Апасы: | Стэнли Энн Данхэм (1942—1995) | |||
Жубайы: | Мишель Обама | |||
Балдары: | кыздары: Малия Энн (1998) Наташа («Саша») (2001) | |||
Партиясы: | Демократиялык партия | |||
Билими: | 1) Колумбия университети 2) Гарвард университети | |||
Илимий даражасы: | искусство бакалавры жана укук доктору | |||
Кесиби: | адвокат | |||
Сайты: | «Ак үйдүн» расмий сайты | |||
Автограф: | ![]() | |||
Барак Хусейн Обама II (англ. Barack Hussein Obama II; 1961-жылдын 4-августунда төрөлгөн) - америкалык саясатчы, 2009-жылдан 2017-жылга чейин Кошмо Штаттардын 44-президенти. Ал президент катары кызмат кылган биринчи афроамерикалык болуп саналат. Алгач ал АКШнын сенатында Иллинойсту 2005-2008 жылдары көргөзгөн, андан мурда Иллинойс штатынынын сенатында ал 1997-жылдан 2004-жылга чейин болгон.
Обама 1961-жылы Гонолулуда, Гавайиде туулган, андан эки жыл мурун эле территория 50-штат болуп АКШ на кошулган эле. Гавайиден чоңойгон Обама, балалык кезинин бир жылын Вашингтон штатында жана төрт жылын Индонезияда өткөргөн. 1983-жылы Колумбиялык университетти бүтүргөндөн кийин ал Чикагодогу жамааттарды уюштуруучу болуп иштейт. 1988-жылы Обама Гарвард юридикалык мектебине тапшырып, анда Harvard Law Review журналынын эң биринчи кара терилүү президенти болуп калган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал адвокат жана жарандык укуктар боюнча профессор болуп, 1992-жылдан 2004-жылга чейин Чикаго университетинин юридикалык мектебинде конститутуциялык укуктан сабак берет. Обама 1997-жылдан 2004-жылга чейин Иллинойс штатынын Сенатында 13-округдун өкүлү болуп турган, андан кийин АКШ нын Сенатына шайланган. Обама 2004-жылы март айында күтүүсүз жеңиши менен улуттун көңүлүнө арзыйт, июль айында Демократиялык улуттук конвенцияда сүйлөгөн сөзү жакшы кабыл алынат жана Сенатка ноябрдык шайлоолордо көчкү түшкөндөй эле кирип келген. 2008-жылы Обама шайлоо кампаниясынын башталышына бир жыл болгондо жана Хиллари Клинтонго каршы кылдат биринчи кампания жабылгандан кийин президенттик постко талапкер катары көрсөтүлөт. Ал республикачыл Жон Маккейндин үстүнөн жеңишке жетишип, 2009-жылдын 20-январында инаугурациясы өттү. Тогуз айдан кийин Обама 2009-жылдын тынчтыктын Нобель сыйлыгынын лауреаты болду.
Обама өзүнүн постун 2017-жылдын январында 60% колдогон рейтинг менен таштап кетти. Азыркы учурда ал Вашингтондо, Колумбия округунда жашап жатат. Анын президенттик китепканасы Чикагодо курулат.
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
...
Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]
...
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |