Дональд Трамп

Википедия дан
Доналд Трамп‎»‎ барагынан багытталды)
Доналд Трамп
англ. Donald Trump
Доналд Трамп
Желек
Желек
АКШнын 45чи президенти
20-январь 2017 — 20-январь 2021
Өкмөт башчысы: Майк Пенс
Андан мурунку: Барак Обама
Андан кийинки: Жо Байден
 
Жарандыгы:  АКШ
Туулган жылы: 14 -июнь 1946(1946-06-14) (77 жаш)
Туулган жери: Куинс, Нью-Йорк, АКШ
Атасы: Фред Трамп
Апасы: Мэри Маклауд
Жубайы: Ивана Трамп (1977—1991)
Марла Мейплз (1993—1999)
Меланья Трамп (2005 жылдан)
Балдары: Доналд Трамп кич. (т.ж. 1977)
Иванка Трамп (т.ж. 1981)
Эрик Трамп (т.ж. 1984)
Тиффани Трамп (т.ж. 1993)
Бэррон Трамп (т.ж. 2006)
Партиясы: Республикалык
(1987—99; 2009—11; 2012 жылдан тарта)[1]
Реформ (1999—2001)
Демократиялык
(2001—09)[2]
Көз карандысыз(2011—12)
Билими: Пенсильвания университети
Ишмердүүлүгү: бизнесмен, саясатчы
 
Сайты: http://donaldjtrump.com
 
Автограф: Кол тамгасы

Доналд Жон Трамп (англ. Donald John Trump; 14-июнунь 1946-жыл,Куинс, Нью-Йорк, АКШ) — Амеркалык бизнесмен жана саясатчы. 2017-жылдын 20-январынан баштап АКШнын 45-чи президенти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук аты-жөнү - Доналд Жон Трамп. 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс аймагында төрөлгөн. Ишкер жана саясий ишмер. Атасы Фредерик Трамп куруучу болуп иштеген. 13 жашынан тарта Доналд Трамп Аскердик академияда тарбияланган. Академиядан кийин Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес-мектебин 1968-жылы бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин атасынын компаниясында ишин баштап, 1975-жылы компаниянын президенти болгон. Өз алдынча ишке ашырган алгачкы долбоору - Манхэттенде курган бизнес-борбору. Трампты көпчүлүккө атактуу кылган долбоорлордун бири 1982-жылы ачылган Нью-Йорктогу 58 кабаттуу Trump Tower имараты. Анын Trump Parc, Trump Palace, Trump Plaza деген башка долбоорлору да белгилүү. АКШнын Лас-Вегас, Чикаго, Майами, Вашингтон шаарларында, Гавайи аралдарында, Панама, Торонто шаарларында мейманканалары бар.

2005-жылы Donald J. Trump Signature Collection деген аталышта кийимдер тармагын ишке киргизген. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору. 2015-жылдын 16-июнунда Доналд Трамп президенттикке ат салышарын расмий жарыялаган. 2016-жылдын июлунда АКШнын Республикачыл партиясынын курултайында анын талапкерлиги бекитилген.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трамп 5 баланын атасы, учурда үчүнчү аялы менен жашайт. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The man responsible for Donald Trump's never-ending presidential campaign – News Local Massachusetts. Boston.com (January 22, 2014). Retrieved October 21, 2015.
  2. Bush says Trump was a Democrat longer than a Republican 'in the last decade' | PolitiFact Florida. Politifact.com. Retrieved October 21, 2015.