Ричард Никсон

Википедия дан
Ричард Никсон.

Ричард Милхауз Никсон (англ. Richard Milhous Nixon, 9. 1. 1913, Калифорния штаты, Йорба-Линда — 22. 4. 1994, НьюЙорк) – АКШнын 37-президенти (1969–74). Уиттиер коллежин (1934), Калифорниядагы Дюка юридикалык университетин (1937) бүтүргөн. 2-дүйнөлүк согуш убагында АКШ аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Капитан-лейтенант наамында 1946-жылы АКШ Сенатында шайлоодо жеңип чыгып, Батыш Европа мамлекеттеринин экономикасын калыбына келтирүү боюнча Маршалл планын жана Тафта-Хартли мыйзамын иштеп чыгууга катышкан. 1947–50-жылы Калифорния штатынан АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, 1950– 53-жылы АКШ сенатору, 1953– 61-жылы Д. Эйзенхауэрдин администрациясында вице-президент, 1968–72-жылы республикалык партиядан АКШ президенттигине шайланып, аткаруу бийлигин борборлоштурган. Кытай, СССР жана башка социалдык өлкөлөр менен тыгыз кызматташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]