Рональд Рейган

Википедия дан

Рональд Уилсон Рейган (6. 2. 1911, Иллинойс штаты, Тампико -5.6. 2004, Калифорния штаты, Лос-Анжелес) – АКШнын мамлекеттик жана саясий ишмери, 40-президенти (1981–89). Калифорния штатынын 33-губернатору (1967–75). 1937–60-жылдары радиодо алпаруучу, Голливуд актёру, Америка киноактёрлор гильдиясынын президенти (1947–52-, 1959-жылы). 1960-жылдан саясий ишмер. Рейган алгач мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу, салыктарды азайтуу, инфляцияны көзөмөлдөө саясатын жүргүзүп, кийинчерээк мындай экономикалык саясат «рейганомика» деп аталып калган. Өзүнүн доктринасына ылайык куралсыздануу саясатынан баш тартып, «Бекемдөө аркылуу тынчтыкка» («Мир через укрепление») саясатына багыт алып, бүткүл дүйнөдөгү коммунизмге каршы кыймылды колдогон. Мындай саясат АКШ менен СССРдин ортосунда карама-каршылыкты жаратып, «кансыз согуштун» пайда болушуна жана курал-жаракты көбөйтүүгө түрткү болгон. 1987-жылы КПСС БКнын генералдык секретары М. Горбачев менен Рейгандын ортосунда «ядролук арсеналды кыскартуу» тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, «кансыз согуштун» аякташына кадам ташталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]