Мазмунга өтүү

Дональд Трамп

Википедия долбоорунан
Доналд Трамп
англ. Donald Trump
Доналд Трамп
Желек
Желек
АКШнын 47-президенти
20-январь 2025 — 20-январь 2029
Вице-президент: Жей Ди Венс
Андан мурунку: Жо Байден
 
Жарандыгы:  АКШ
Туулган жылы: 14 -июнь 1946(1946-06-14) (78 жаш)
Туулган жери: Куинс, Нью-Йорк, АКШ
Атасы: Фред Трамп
Апасы: Мэри Маклауд
Жубайы: Ивана Трамп (1977—1991)
Марла Мейплз (1993—1999)
Меланья Трамп (2005 жылдан)
Балдары: Доналд Трамп кич. (т.ж. 1977)
Иванка Трамп (т.ж. 1981)
Эрик Трамп (т.ж. 1984)
Тиффани Трамп (т.ж. 1993)
Бэррон Трамп (т.ж. 2006)
Партиясы: Республикалык
(1987—99; 2009—11; 2012 жылдан тарта)[1]
Реформ (1999—2001)
Демократиялык
(2001—09)[2]
Көз карандысыз (2011—12)
Билими: Пенсильвания университети
Илимий даражасы: бакалавр (1968)
Кесиби: экономист, финансист, актёр
Ишмердүүлүгү: бизнесмен, саясатчы
 
Сайты: https://donaldjtrump.com/  (англ.)
 
Автограф: Кол тамгасы

Доналд Жон Трамп (англ. Donald John Trump; 14-июнь1946-жыл, Куинс, Нью-Йорк, АКШ) — амеркалык бизнесмен жана саясатчы, АКШнын 45чи (2017-2021) жана 47-президенти (2025).

Толук аты-жөнү — Доналд Жон Трамп. 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс аймагында төрөлгөн. Ишкер жана саясий ишмер. Атасы Фредерик Трамп куруучу болуп иштеген. 13 жашынан тарта Доналд Трамп Аскердик академияда тарбияланган. Академиядан кийин Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес-мектебин 1968-жылы бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин атасынын компаниясында ишин баштап, 1975-жылы компаниянын президенти болгон. Өз алдынча ишке ашырган алгачкы долбоору - Манхэттенде курган бизнес-борбору. Трампты көпчүлүккө атактуу кылган долбоорлордун бири 1982-жылы ачылган Нью-Йорктогу 58 кабаттуу Trump Tower имараты. Анын Trump Parc, Trump Palace, Trump Plaza деген башка долбоорлору да белгилүү. АКШнын Лас-Вегас, Чикаго, Майами, Вашингтон шаарларында, Гавайи аралдарында, Панама, Торонто шаарларында мейманканалары бар.

2005-жылы Donald J. Trump Signature Collection деген аталышта кийимдер тармагын ишке киргизген. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору. 2015-жылдын 16-июнунда Доналд Трамп президенттикке ат салышарын расмий жарыялаган. 2016-жылдын июлунда АКШнын Республикачыл партиясынын курултайында анын талапкерлиги бекитилген.

Трамп 5 баланын атасы, учурда үчүнчү аялы менен жашайт. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.