Тасмания
| Өлкө |
Австралия |
|---|---|
| Административдик борбор | |
| Ири шаары | |
| Башчысы |
Кейт Уорнер |
| Башчысы |
Жереми Роклифф |
| Расмий тили | |
| Калкы |
571 165 |
| Жыштыгы |
8,35 адам/км² |
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Орточо бийиктиги | |
| Тууралыгы | |
| Узундук | |
| Коду ISO 3166-2 |
AU-TS |
| Телефон коду |
+61 03 |
| Интернет-домени | |
| Расмий сайты | |
Тасмания – Австралиянын түштүк-чыгыш жээгиндеги арал жана Австралиянын штаты.Материктен Басс кысыгы менен бөлүнүп турат. Жанаша жаткан аралдар менен бирге Австралия штатын түзөт.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул штат Австралияга карашту Тасмания аралында жайгашкандыгына байланышту аралдын аталышы менен аталып калган.
Негизги маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аянты 68 миң км2. Калкы 512,0 миң (2011). Көбү – англис-австралиялыктар. Административдик борбору – Хобарт шаары Арал структурасы боюнча Австралиядагы Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосунун уландысы. Рельефинде бири-биринен ажыраган платолор жана жалпак тоолор басымдуу; (бийиктиги 1617 мге чейин; Осса чокусу).

Жери тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кен байлыктары: полиметалл жана темир кен таштары, калай, жез, алтын ж. б. Жээги булуң-буйткалуу (Маккуори, Сторм, Грейт-Ойстер ж. б.). Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө мелүүн нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Ири дарыялары – Теймар-Макуори, Деруэнт. Аралдын аянтынын 44%ин нымдуу токой, 21%ин улуттук парктар ээлейт. Түштүк-батышын түнт эвкалипт жана ийне жалбырактуу токой, жыгач сымал папоротник, альп өсүмдүктөрү, борбордук жана түштүк- чыгышын нымдуу склерофиль эвкалипт токою, шалбаа жана мамык чөптүү саз ээлейт. Жаныбарларынын көбү – эндемиктер. Аралды 1642-жылы голланд. деңиз саякатчысы А. Тасман ачкан. 1856-жылдан, Британия ээлиги деп жарыялангандан бери, ушул аталышында. 1901-жылдын 1-январынан Австралиянын Тасмания штаты.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
| Штаттар |
| |
|---|---|---|
| Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
| Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
| Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
| Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
| Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
| Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары | |