Кокос аралдары

Википедия дан

Кокос аралдары, КиилиңИнди океанынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра аралынан түштүктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 км2. К. а. 26 аралдан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом аралында), ошондой эле европалыктар да жашайт.

Киилиң

Жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар жана башка диндердин өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар (Уэст-Айленд аралында; негизинен Австралия жана Түштүк-Чыгыш Азия менен байланышат).

Киилиң картада.

Административдик борбору — Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008; аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом аралында). Расмий тили — англис тили. Акча бирдиги — австралия доллары. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. орточо температурасы 23-30°С; жаан чачыны 2000 мм (негизинен январдан сентябрга чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түндүк атоллу чектеш жаткан акваториялары менен Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аралдарды 1609-ж. капитан У. Киллинг ачкан. 1825-ж. 6-декабрда капитан Ж. Клюнис Росс башкарган экспедиция аралга келгенетикалык Ал 1827-ж.

Түштүк атоллдун аралдарынын биринде посёлка негиздеп, суматралыктар менен явалыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык менен алектенишкен. Росс 1831-ж. эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-ж. апрелде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келгенетикалык 1857-ж. Улуу Британия тарабынан аннекцияланып, 1878-ж. Цейлондун британиялык губернаторунун бийлигине баш ийдирилгенетикалык 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментстин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдаланууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарылган. 1955-ж. Австралияга берилген, бирок Клюнис-Росстун тукумдары ээлик кылып келгенетикалык Австралия өкмөтү 1978-86-ж. гана Клюнис-Росстордон сатып алган. 1984-ж. 4-апрелде аралдын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономикасынын негизин кокос өстүрүү жана туризм түзөт. Балык кармалат. Калкы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун узундугу 22 км (анын 10 кми асфальтталган). Түштүк атоллдун борбордук лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сыртка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк жана башкалар керектүү товарларды алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]