Австралиянын борбордук аймагы

Австралиянын борбордук аймагы
англ. Australian Capital Territory'
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Австралиянын борбордук аймагы картада

Өлкө:

Австралия

Абалы:

Аймак

Акимий борбору:

Канберра

Ири шаары:

Канберра

Түзүлгөн убакыты:

1-январь 1911

Башкы министр:

Эндрю Барр

Расмий тили:

Англисче

Калкы (2022):

455,869

Жыштыгы:

190 адам/км²

Жер аянты:

2,358 км² (8 орун)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Орточо бийиктиги



 1912 м
 429 м

Саат алкагы:

UTC+10/11

ISO 3166-2 коду:

AU-ACT

Телефон коду:

+61 02

Интернет-домени:

.au

Расмий сайты

Австралиянын борбордук аймагы, ACT (англ. Australian Capital Territory, ACT) — Австралия Бирлигиндеги, курамына Канберра шаарын, ошондой эле чакан айыл чарба жерлерин жана Намажи улуттук паркын камтыган аймак.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түпкүлүктүү эл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралиялык түпкүлүктүү эл бул аймакта көптөгөн убактан бери жашап келишет[1]. Археологиялык далилдер боюнча, бул аймакта адамдар 25 000 жыл мурун да жашаган[2]. Ал эми Мунго көлүндө табылган артефактар бул аймакта аборигендердин 40 000 - 62 000 жыл мурун да жашагандыгынын далилдери бар[3].

ACT жана Жервис-Бей картада

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралиянын борбордук аймагы, ACT — Жаңы Түштүк Уэльс штатында жайгашкан анклав болуп саналат. Аянты - 2358 км² (аянты боюнча 8-орунду, башкача айтканда, өлкөнүн штаттары менен материктик (ички) аймактарынын арасында акыркы орунду ээлейт).

Австралиянын борбордук аймагынын аянтынын 46% Намажи улуттук паркын жайгашкан.

Аймактын эң бийик чекити - 1912 метр жана ал Бимбери чокусу[4].

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Канберрадагы күз

Аймак салыштырмалуу кургак, континенталдык климатка ээ, жайкысын жылуу, кышы суугураак келет[5]. Кеппен-Гайгердин классификациясына ылайык, аймакта деңиз климаты (Cfb) үстөмдүк кылат[6].

Канберра аэропортунун климат боюнча маалыматтары[7][8]
Айлар Максимум
°C (°F)
Орточо максимум
°C (°F)
Орточо
°C (°F)
Орточо минимум
°C (°F)
Минимум
°C (°F)
Жаан-чачындын
орточо саны,
мм
Жаан-чачындуу
күндөрдүн
орточо саны
Орточо,
айдагы күн ачык убакыттар,
саат
Январь 44,0 (111,2) 28,7 (83,7) 21,2 (70,2) 13,7 (56,7) 1,6 (34,9) 58,5 (2,30) 7,3 294,5
Февраль 42,2 (108,0) 27,7 (81,9) 20,7 (69,3) 13,6 (56,5) 2,8 (37,0) 56,4 (2,22) 6,7 254,3
Март 37,5 (99,5) 24,8 (76,6) 17,9 (64,2) 10,9 (51,6) −1,1 (30,0) 50,7 (2,00) 6,9 251,1
Апрель 32,6 (90,7) 20,5 (68,9) 13,8 (56,8) 7,1 (44,8) −3,7 (25,3) 46,0 (1,81) 7,3 219,0
Май 24,5 (76,1) 16,3 (61,3) 10,0 (50,0) 3,7 (38,7) −7,5 (18,5) 44,4 (1,75) 8,4 186,0
Июнь 20,1 (68,2) 12,5 (54,5) 6,9 (44,4) 1,3 (34,3) −8,5 (16,7) 40,4 (1,59) 9,8 156,0
Июль 19,7 (67,5) 11,8 (53,2) 6,0 (42,8) 0,2 (32,4) −10,0 (14,0) 41,4 (1,63) 10,5 179,8
Август 24,0 (75,2) 13,5 (56,3) 7,4 (45,3) 1,3 (34,3) −8,5 (16,7) 46,2 (1,82) 11,1 217,0
Сентябрь 30,2 (86,4) 16,6 (61,9) 10,2 (50,4) 3,8 (38,8) −6,8 (19,8) 52,0 (2,05) 10,2 231,0
Октябрь 32,7 (90,9) 19,9 (67,8) 13,2 (55,8) 6,4 (43,5) −3,4 (25,9) 62,4 (2,46) 10,4 266,6
Ноябрь 39,9 (103,8) 23,3 (73,9) 16,4 (61,5) 9,5 (49,1) −1,8 (28,8) 64,4 (2,54) 9,8 267,0
Декабрь 41,6 (106,9) 26,3 (79,3) 19,1 (66,4) 11,9 (53,4) 0,3 (32,5) 53,2 (2,09) 7,7 291,4
Жыл 44,0 (111,2) 20,2 (68,4) 13,6 (56,5) 7,0 (44,6) −10,0 (14,0) 615,2 (24,22) 106,1 2 813,7

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Fitzgerald, Alan (1987). Canberra in two centuries: A pictorial history. Clareville Press. pp. 4–5, 12, 92–93, 115, 128. ISBN 0-909278-02-4
  2. New dating shows 25,000 years of history at Birrigai rock shelter in ACT
  3. New ages for human occupation and climatic change at Lake Mungo, Australia
  4. Bimberi Peak, Australian Capital Territory/New South Wales
  5. Climate of Canberra Area
  6. Climate: Australian Capital Territory
  7. Climate statistics for Australian locations. CANBERRA AIRPORT
  8. Climate statistics for Australian locations

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]