Батыш Австралия (штат)

Батыш Австралия
англ. Western Australia'
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Батыш Австралия картада

Өлкө:

Австралия

Абалы:

Штат

Акимий борбору:

Перт

Түзүлгөн убакыты:

1829

Губернатор:

Ким Бизли

Премьер:

Марк МакГоуэн

Расмий тили:

Англисче

Калкы (2022):

2 805 000

Жыштыгы:

1,11 адам/км²

Жер аянты:

2 527 013 км² (1 орун)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Орточо бийиктиги



 1245 м
 400 м

Саат алкагы:

UTC+8

ISO 3166-2 коду:

AU-WA

Телефон коду:

+61 08

Интернет-домени:

.au

Расмий сайты

Батыш Австралия (англ. Western Australia аббревиатура WA) — Австралиянын штаттарынын ичинен эң чоңу, континенттин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт[1]. Калкынын саны 2 805 000 адам. Борбору жана ири шаары Перт. Негизги деңиз порту Фремантл. Башка шаарлар — Мандура, Банбери, Калгурли, Албани.

Расмий лакап аты — «Жапайы гүлдүн штаты»[2]. Урааны — «Ак куунун белгисин алып жүрүүчү» («Cygnis Insignis»).

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул штат Австралия континентинин батыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланышту ушундай аталышты алган.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Штаттын аймагы 2 527 013 км2 түзөт[3]. Батыш Австралия — Австралия континентинин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Чыгышында Түндүк аймагы жана Түштүк Австралия штаты менен чектешет. Түндүгүндө жана батышында Инди океанынын суулары менен чулганып турат. Эл аралык гидрографиялык уюм континенттин түштүгүндөгү сууларды Индия океанынын бөлүгү деп кабыл алгын, бирок Австралия расмий түрдө бул сууларды Түштүк океанга таандык деп эсептейт[4].

Штаттын чек арасынын узундугу 1862 чакырымды түзөт[5], ал эми жээк сызыгы 12889 чакырымды түзөт[6].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Area of Australia - States and Territories(англисче)
  2. Western Australian wildflowers bloom(англисче)
  3. Австралиянын штаттарынын жана аймактарынын аянттары. (англисче)
  4. Canberra all at sea over position of Southern Ocean (англисче)
  5. Geoscience Australia. State and Territory Borders(англисче)
  6. Australian Coastlines. Geoscience Australia (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]