Гавайи аралдары
Көрүнүш
Гавайи аралдары, Сандвич аралдары Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг; АКШнын Гавайи штаты. Аянты 16,7 миң км2. Калкы 1183 миң (1996). Административдик борбору Гонолулу (Оаху аралында). 3600 км аралыктагы 24 жанартоо жана шуру (коралл) аралдарынан (ирилери Гавайи, Мауи, Молокаи, Оаху) турат. Эң бийик жери 4205 м (Мауна-Кеа аракеттеги жанартоосу). Гавайи аралында Мауна-Лоа жана Килауэа аракеттеги жанартоолору жайгашкан. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. температурасы 18°Сден (февраль) 25°Сге (август) жетет. Жаан-чачыны 3500-4000 ммден 12500 ммге чейин. Нымдуу тропик токою, саванна өсөт. Өсүмдүк түрүнүн 90%тейи эндемик. Балкамыш, ананас, кофе жана башкатропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Гүл өстүрүү, туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4