Крузенштерн Иван Фёдорович

Википедия дан

Крузенштерн Иван Фёдорович (немецче Adam Johann von Krusenstern) [8 (19). 11. 1770, Россия империясы, Ревель губерниясы, Хадугги мызасы – 12 (24). 8. 1846, Россия империясы, Эстляндия губерниясы, Гилсенхоф чарбагы] – орус деңиз саякатчысы, адмирал, океанограф. Аскер-деңиз академиясын уюштурган. Орус география коомун түзүүчүлөрдүн бири. Дүйнөнү айланган алгачкы орус экспедициясынын (1803–06) начальниги. Алар «Надежда», «Нева» кемелеринде сүзүшкөн. Атлантика менен Тынч океандарындагы пассат аралык каршы агымдарды ачкан. Тынч жана Инди океандарында океанографиялык, метеоролиялык комплекстүү иштерди аткарган. Дүйнөлүк океандын тереңдигин системалуу изилдөөгө жол салган. Алгачкылардан болуп Сахалин аралынын 1000 кмге жакын жерин картага түшүрүп, Курил аралынын бир бөлүгүн сүрөттөп жазган. «Дүйнөгө саякат» үч томдугунун (1803, 1804, 1805 жана 1806) жана «Түштүк деңиздин атласы» 2 томдугунун (1823–26) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]