Гилберт аралдары

Википедия дан
Гилберт аралдары.

Гилберт аралдарыТынч океандагы атоллдор (аралдар) тобу (16дай), Микронезияда; Кирибати мамлекетине караштуу. Аянты 264 км2. Өлкөнүн борбору Баирики шаары Тарава атоллунда жайгашкан. Климаты экватордук, ысык жана нымдуу. Бадалдуу өсүмдүктөр басымдуу. Кокос пальмасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Гилберт аралдары 1764 жана 1824-жылдардын аралыгында англиялык деңиз офицерлери тарабынан ачылып, капитан Ж. Гилберттин урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]