Елизавета II

Википедия дан
Елизавета II
англ. Elizabeth II
Елизавета II англ. Elizabeth II
Желек
Желек
Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын королевасы
желек
желек
6-февраль 1952-жылдан тарта — 8-сентябрь 2022-жылдан чейин
Андан мурунку: Георг VI
Андан кийинки: Чарльз III
Желек
Желек
Улуттар Шериктештигинин башчысы
 6-февраль 1952-жылдан тарта
Андан мурунку: Георг VI
Андан кийинки: Чарльз III
 
Дини: англикчилик
Туулган жылы: 21-апрель 1926-жыл
Туулган жери: Лондон Улуу Британия
Каза болгон жылы: 8-Сентябрь 2022
Уруусу: Виндзорлор
Атасы: Георг VI
Апасы: Елизавета Боуз-Лайон
Балдары: Чарльз, Анна, Эндрю, Эдвард

Елизаве́та II (англ. Elizabeth II), толук аты — Елизаве́та Алекса́ндра Мари́я (англ. Elizabeth Alexandra Mary; 21-апрель 1926, Лондон, Улуу Британия - 8-Сентябрь 2022, Шотландия, Улуу Британия) — Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королевасы (Виндзор династиясынан). Мамлекеттик англикан чиркөөсүнүн башчысы. Гуманитардык билим алып, экинчи дүйнөлүк согушта 3 жумалык аскер курсун бүтүргөн. 18 жашында мамлекеттик кеңешчи болуп дайындалып, атасы Георг VI дүйнөдөн кайткан соң такка отурган. Филипп Эдинбургга күйөөгө чыгып (1947), принцтер Чарльз (1948), Эндрю (1960), Эдвард (1964), принцесса Аннаны (1950) төрөгөн. Улуу Британиянын конституциясы боюнча Елизавета II мамлекет башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, парламентти чакыруу, таратуу, жогорку мамлекеттик кызматка татыктуу кишилерди дайындоо укугуна ээ. Маанилүү маселелер боюнча Елизавета II жума сайын премьер-министр менен жолугуп, кеңешип, өз ой-пикирин айтып турат. Елизавета II – дүйнөдө эң бай адамдардын бири. 1993-жылдан ыктыярдуу түрдө салык төлөй баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1