Апельсин

Википедия дан
Апельсин.

Апельсин (лат. Citrus sinensis) - руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө дарагы. Бийиктиги 7-12 мге жетет. Жапайы түрү белгисиз. Мекени Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия. Жалбырагы сүйрү, гүлү кош жыныстуу, ак, жыттуу, жалгыздан же чачы топгүлгө чогулган. Мөмөсү уруктуу, салмагы 300-600 г, өңү сары, жыттуу, таттуу же кычкыл, ширелүү. Курамында кант, лимон кислотасы, аскорбин кислотасы, А, В, Р витаминдери, кальций, калий, фосфор туздары бар. Мөмө кабыгында жана жалбырагында эфир майы болот. Ал 75 жылга чейин мөмө байлайт. Сортторунун 4 тобу белгилүү. Мөмөлөрүнүн түсү ар түрдүү. Көп сорттору 4 миң жылдан бери Бирманын чыгышы жана Кытайдын түштүк-батышында, тропик жана субтропикте, ал эми Европада (Капказда, Кырымдын Кара деңиз жээгинде) 15-кылымдан бери өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1