Кальдира
Кальдира (испанча caldera, сөзмө-сөз — чоң казан) — казан сымал, капталдары тик, таманы тегиз жайык ойдуң; тегерек же сүйрү тегерек келген кенен чуңкурдук, диаметри 10—20 км, тереңдиги жүздөгөн мге жетет. Капталдары тик же көп тектирлүү. Жанар тоо өзөгүнүн (жерло) колкосуна (кратер) газдар топтолуп, жарылууга учураганда же колкодогу кесек талкаланган тектердин урап, кулап кетишинен келип чыгат. Жер бетиндеги эң ири Кальдиралардын бири — Япониядагы Асо Кальдирасы кирет. Аянты 375 км2.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
![]() |
Бул вулканология бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
![]() |
Бул география бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |