Моллюск

Википедия дан

Моллюскалар (лат. Mollusca), жумшак денелүүлөр – омурткасыз жаныбарлар тиби. Денеси сегменттелбеген, ал тулку боюнан, башы жана бутунан турат. Жону раковина менен капталган, кээ бириники начар өөрчүгөн же жок. Башында оозу, тинтүүрү, көзү жайгашкан. Буту курсак жагында, жылып жүрүү кызматын аткарат, кээде сүзүү органына айланган же редукцияланган. Тулкусу мантия менен капталган. Мантия менен тулкусунун ортосунда мантия көндөйүндө дем алуу жана кээ бир сезүү органдары жайгашкан. Ага жыныс жана бөлүп чыгаруу органдары ачылат. Ичегиси үч бөлүктөн турат. Алдынкы бөлүгүндө радула жана шилекей бездери, ортонку бөлүгүндө карын жана боор жайгашкан. Кан айлануусу ачык, жүрөгү үч бөлүктөн турат. Өпкөсү жана бакалоору менен дем алат. Нерв системасы, сезүү органдары бар. Бөлүп чыгаруу органдары - жуп бөйрөк. Моллюскалардын эки типчеси (каптал нервдүүлөр жана раковиналуулар), 5 классы, 130 миңдей түрү бүт жер жүзүнө (тундрадан тропикке чейин) кеңири таралган. Көпчүлүгү деңизде, тузсуз сууда, бир азы кургакта жашайт. Моллюскалар жылып жүрөт, бир нерееге бекинип отурат же суу түбүндөгү ылайга көмүнүп жатат. Жыныс жолу менен көбөйөт, айрым жыныстуу, гермофродиттери да бар. Булар бир нече айдан он жылга чейин жашайт. Майда омурткасыздар менен азыктанат. Көпчүлүк моллюскалар жаныбарларга жем, айрымдарын (устрица, кальмар, мидиялар, жүзүм үлүлү ж. б.) адамдар тамакка пайдаланат, кээ бири седеп, бермет алуу үчүн кармалат. Кээ бири (көзөгүчтөр, кеме курттары) кемелерге жана суу курулуштарына, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Көп кармалып, саны азайып кеткендиктен, коргоого муктаж. 12300дөн ашык түрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген моллюскаларды малакология илими изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]