Пневмония

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Пневмония (грекче pne'umon – өпкө), өпкөнүн сезгениши – өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, грипп) козгойт. Көбүнчө бактерия, вирустар дем алуу жолдору, кээде лимфа жана кан тамырлар аркылуу кирет. Организмдин начарлашы, суукка урунуу, чарчоо, ичимдик ичүү, тамеки чегүү, жетишсиз тамактануу ж. б. факторлор Пневмониянын пайда болушуна түрткү болот. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Өпкө ткандарындагы өзгөрүү мүнөзүнө карата катуу кармаган Пневмониянын клиникалык өтүшү түрдүүчө жүрөт. Крупоздуу түрүндө өпкөнүн бир чон бөлүгү сезгенет. Оору капысынан башталып, дене температурасы 39–40°Сге жетип, алы кетет. Айрыкча түнкүсүн демигет, кургак жөтөлүп, кийинчерээк мала кызыл какырык чыгат. Ал 2–3 жумага созулат. Өзөктүү түрүндө (бронхопневмония) өпкө бөлүгү эмес айрым бөлүкчөлөрү жабыркайт. Көбүнчө бронхтордун, ошондой эле өпкөнүн туташтырма ткандарынын сезгенүүсүнөн башталган формасы да бар. Оорулуу өз убагында дарыланбай, өпкө ткандарынын иштөөсү жана структурасы толук калыбына келбей калганда өнөкөт түрүнө өтөт. Өнөкөт Пневмония мезгили менен кармап, кайра жакшы болуп, басаңдап турат. Оорунун кайталап, тезтез жана узакка кармашы өпкө тканынын склерозуна (пневмосклероз) жана бронхоэктазга алып келет. Дарылоо натыйжалуу болуш үчүн антибиотикти жетиштүү жана туура берүү өтө маанилүү. Дарыны өз алдынча беймаал кабыл алуудан микробдор ага көнүп, дарылоо кыйындайт. Какырык чыгаруучу дарылар менен катар физиотерапия, санаторий-курорттук ж. б. дарылоо сунуш кылынат. Пневмонияны алдын алууда жалпы организмди чыңдоо, ичимдиктен, тамеки чегүүдөн баш тартуу, дем алуу жолдорунун оорусун убагында дарылоо, тиричилик жана турмуш шартын жакшыруу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]