Мазмунга өтүү

Помидор

Википедия дан
Помидор, Кызанак, Батинча
Дүкөндөн сатып алынган помидордун жарым кесик жана бүтүн мөмөсү
Илимий классификация
дүйнөсү: Өсүмдүктөр
Subkingdom: Tracheobionta
бөлүгү: Magnoliophyta
классы: Magnoliopsida
Subclass: Asteridae
түркүмү: Solanales
тукуму: Solanaceae
уруусу: Solanum
түрү: S. lycopersicum
Биноминалдык аталышы
Solanum lycopersicum
L.
Синонимдери

Lycopersicon lycopersicum
Lycopersicon esculentum

Помидор.

Помидор же Кызанак же Батинча (орус. помидор, томат, итал. pomodoro, лат. Solanum lycopersicum) – бир жылдык же көп жылдык маданий өсүмдүк. Өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу.

Эл өөзунда көбүнчө помидор же томат деп атаганы белгилүү. Помидор орус тилине Италиядан келген. Pomo d'oro — "Алтын алма" дегенди түшүндүрсө, Ацтектер "томатль" деп аташчу. Юдахин К. Ктин кыргыз-орус сөздүгүндө - батинча деп да аталат.

Кыскача тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Помидордун мекени Түштүк Америка. Ал жакта дагы эле жапай же жарым жапай помидорду кездештирсе болот. XVI кылымда Испания, Португалия, Италия жана башка Европа өлкөлөрүнө тараган. Көп жылдар бою помидорду жээбей бир гана кооздука бакча, гүлзарларда өстүрүшкөн. Орус Падышачылыгына XVIII кылымда алынып келинген. Ал жакта да гүл катары өстүрүлөн. Себеби мөмөсү чала бышып, жээгилитүү болгон эмес. Агроном А.Т. Болотов эмгегинин натыйжасында толук бышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз жерине XX кылымдын башында орустар алып келип тараткан.

Тамыр, сап, жалбырак, гүл, мөмөдөн турат. Тамыры кең жайылып, 1 м. чейин жер кыртышына кирет. Сабагы тик же жайылып, 2 м. чейин өсөт. Сабагы топурак, суу менен жабылып калса, ал жактан да тамыр таштай алат. Помидордун мөмөсүнүн өзгөчөлүгү жогорку сиңимдүүлүгү, даамдуулугу жана диеталык касиетинде. 100 г. мөмөсүндө — 19 ккал. энергетикалык баалулугу бар.

Помидордо: (% менен көрсөтүлөн) калий— 38,1, натрий — 17, фосфор — 9,4, магний — 8,6, кальций — 6,1, жана темир, күкүрт, кремний, хлор, иод, ванадий, кобальт, цинк, крахмал, глюкоза ж.б. камтыйт. Өңү кызыл, кызгылт, сары, сыя болуп, түрүнө жараша өң алат.

Помидор жылуулукту сүйүүчү өсүмдүк. Керектү аба жылуулугу 22-25 °C, аба 10 °C төмөн болгон учурда гүлдө чаңча өрчүбөй, көп өтпөй куурап түшүп калат. Абанын нымдуулугун жактырбайт, бирок топурак аркылу мөмөсүнө көп суу сарптайт. Жарык талап кылат. Эгер жарык жетишпесе, жалбырагы саргайып, бүчүрү түшүп, сабагы өтө узарып кетет. Керетүү жарык берү көчөтүн тез алынып кетүүснө жана мол түшүм берүүсүнө шарт түзөт. Топурака органикалык жана минералдык жер семирткич кошуп, ошондой эле топуракты борпоңдотуп кармаса бүт жерге өсөт (кычкыл топурактан башка). Бүт эле өсүмдүк сыякту, өсүшүндө калий, азот, фосфорду пайдаланат. Булардын ичинен эң керектүүсү азот, бирок, көп болуп кеткен учурда вегетативдик салмагы күчөйт (т.а сабагы жоонорот) жана мөмөсү аз болуп, анда нитраттар көп топтолот. Фосфор жетишпегендиктин кесепети, азот сиңирилбей, өсүшү токтоп, мөмө байлабай, жалбырагынын өңү бозомук болуп, сабагы күрөң болуп калат. Фосфор өзгөчө жаңы өсүп жатканда керектелет. Калийди фосфорго же азотко караганда, мөмө байлаганда өзгөчө сарптайт. Ал жетишпесе жалбырагынын учунда күрөң чекитер пайда болуп, куурап калат. Ошондой эле марганец, бор, жез, магний, күкүрт ж.б керектелет, алар микрожерсемирткич катары пайдаланылат.

Уругу майда, жалпак, түбү учтураак келет. Өңү ачык сары же ачык күрөң. Физиалогиялык жактан караганда мөмө жашыл болуп турган кезде эле уругу жарамду. Сактоо мөөнтү 6-8 жыл. Ыңгайлуу шарта уругу 2-3 күндө өңөт. Биринчи жалбырагы 6-10 күн дегенде өсөт, ал эми 3-4 жалбырагы 11-15 күндө пайда болот. Чыккандан тартып, гүлдөгөнгө чеийин 50-70 күн сарпталса, гүлдөгөндөн мөмөсү бышканга чеийин 45-60 күн өтөт.

Помидордун жаш өсүмдүгү.

Пайдалануу жана өндүрүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдө кеңири тарагандыктан, помидор көп улуттардын тамак- аш маданиятында чоң ролду ойнойт. Аны жаңы кезинде, бууга, сууга, кууруп жесе болот. Өнөр-жай ишканаларда тамака кошуучу татымал, шире ж.б жазашат.

Помидорду эң ийри өндүргөн мамлекеттер 2012 (миллион тонна)
Кытай желеги Кытай 50,0
Индия Индия 17,5
 АКШ 13,2
Түркия Түркия 11,3
Мисир 8,6
 Иран 6,0
Италия Италия 5,1
Испания Испания 4,0
Баардыгы 152,956,115
Шилтеме:
БУУнун тамак-аш жана айыл-чарба программасы (FAO)
[1] Archived 2006-06-19 at the Wayback Machine