Мөмө

Википедия дан
Geum urbanum.

Мөмө – жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн көбөйүү органы. Ал гүлдөн өөрчүп, урук пайда болуу менен аяктайт. Мөмө уруктун калыптануу, коргонуу, таралуу кызматын аткарат. Анын морфологиялык негизин мөмөлүк түзөт, ошондой эле гүлдүн башка бөлүктөрү (гүл коргону, гүл жайгашкыч жана башкалар) да мөмө пайда кылууга катышат. Мөмөнүн көлөмү, формасы, түсү, ачылуу жана түшүү жолдору өтө ар түрдүү. Мөмө кургак, ширелүү, көп уруктуу болуп айырмаланат. Кургак көп уруктуу мөмөгө – кутуча, чанактуулар жана башкалар кирет, кургак бир уруктуу өсүмдүктөргө – жаңгак, желудь, данча жана башкалар кирет; ширелүү көп уруктууларга – жемиштер, алма ,алмурут,жана башкалар кирет, бир уруктууларга сөөктүүлөр кирет мисалы: шабдаалы , өрүк жана башкалар кирет. Мөмө апокарптуу (бир же бир нече бирикпей өскөн мөмө жалбырактан өөрчүгөн) жана ценокарптуу (бир нече мөмө жалбырактары биригип өскөн) гинецейлүү болуп бөлүнөт. Мөмөнүн экономикалык мааниси өтө чоң болгондуктан, көптөгөн өсүмдүктөр мөмөсү үчүн айдалат. к. Мөмө өсүмдүктөрү, Урук.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]