Ванилин

Википедия дан

Ванилин - ванил жыттанган түссүз кристалл, эрүү t 81—83° С, кайноо t 286° С. Сууда, спиртте, эфирде, хлороформдо эрийт.

Ванилин гликозид' түрүндө ванил өсүмдүгүнүн мөмөсүндө жолугат. Өндүрүштө синтет. жол менен гваяколдон, лигнинден, эвгенолдон алынат. Ванилин тамак-аш жанa пар­фюмерия өнөр жайда, медицинада колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.