Спирт
Спирттер — көмүртек каныккан атому менен байланышкан бир же бир нече (-ОН) тобу бар углеводород. Мол-сындагы ОН тобу санына жараша бир атомдуу (алкоголдор), эки атомдуу (гликолдор), үч атомдуу (глицериндер) жана көп атомдуу С. болуп бөлүнөт. Бир атомдуу С. биринчилик RСН2ОН, экинчилик RR’СНОН жана үчүнчүлүк RR’R®С-ОН болуп айырмаланат. Углеводород радикалынын мүнөзүнө карата ациклдүү (мисалы, метил спирти, этил спирти), алициклдүү (циклогексанол), май ароматтык (бензил спирти жана гетероциклдүү (фурил) деп айырмаланат. Төмөнкү мол-луу бир атомдуу алифаттык С. — алкоголь жыттанган, түссүз суюктук, суу менен бардык катышта аралашат. Гликоль, глицерин (С4-С5) — май сымал суюктуктар. Ири мол-луу С. (С|2 баштап) — жытсыз, катуу заттар, сууда эрибейт. С. органикалык эриткичтерде жакшы эрийт жана өздөрү эриткич болушат. Суу жана айрым органикалык бирикмелер менен азеотроптук аралашмаларды берет. Щелочтуу жана кээ бир башка металддар менен алкоголяттар (к. Алкоголяттар жана феноляттар), күчтүү минералдык к-талар же Льюис к-талары менен жөнөкөй, ал эми минералдык жана карбон к-талары менен этерификацияланып, та-таал эфирлерди пайда кылат. Биринчилик жана экинчилик С. металл катализаторлор катышуусу менен алъдегиддерге жана кетондорго айланат. Үчүнчүлүк С. нейтралдуу же шелочь чөйрөсүндө окистенүүгө туруктуу, ал эми кычкыл чөйрөдө кетонго жана көмүртек атомунун саны төмөн болгон к-таларга ажырайт, суунун молекуласын бөлүп чыгарып алкенди пайда кылат. С. ОН-тобуна НСl, НBr, РСl3, РОСl3, РОСl5, SОСl3 жана башка таасир этүүдөн Наl орун алмашат. Өндүрүштө С. алкилгалогенид гидролиздөө, олефинди гидраттоо, карбонилдүү бирикмелерди калыбына келтирүү, Гриньяр реакциясы б-ча, СО катализатордук катышуусу менен суутекти кошуп алуунун натыйжасында, кантты ферменттер катышуусу менен ачытууда жана башка ыкмалар менен алынат. Боёк өндүрүшүндө аралык продукт катары, синтетикалык булалар, пластмасса, лак-боёк материалдарын, кир кетиргич жана дары каражаттарды жана башка алууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6