Карбон кислоталары

Википедия дан

Карбон кислоталары – мол-сында карбоксил – СООН топтору бар бирикмелер. Мол-дагы карбоксил топтору санына жараша алар бир, эки, үч жана көп негиздүү, ал эми ал топтор менен байланышып турган радикалдар түзүлүшүнө жараша ациклдүү, ароматтык, гетероциклдүү, каныккан жана каныкпаган болуп бөлүнөт. Алардын аттары тривиалдык, рационалдык жана илимий номенклатуралар б-ча аталат. Практикада тривиалдык номенклатура көбүрөөк колдонулат. Мис., кумурска, алма, валериан, лимон к-тасы ж.б. Ал эми IUPAС номенклатурасы б-ча алардын аттары углеводород аттарынан алынып, аягына «к-тасы» деген сөз кошулат. Мис., этан, бутан к-тасы ж.б. Рационалдык номенклатура б-ча карбон к-таларынын аттары уксус к-тасынын метил тобундагы суутек атому алкил радикалдары менен орун алмашкан бирикмелер сыяктуу каралат. Мис., СН3-СН2-СООН – метилуксус к-тасы, СН3-(СН2)2-СООН – этилуксус к-тасы, С6Н5-СН2-СООН – фенил уксус к-тасы ж.б.

К. к. начар к-талар. Суудагы эритмеси минералдык к-таларга салыштырмалуу начар диссоциацияланышат. К. к. суюк же катуу заттар. Мол-лык массалары анча чоң эмес ациклдүү К. к. төмөнкү өкүлдөрү сууда жакшы эрийт, мол. массасы чоң болгон өкүлдөрү сууда эрибейт; спирт, эфир, бензолдо жакшы эришет. К.к. хим. жактан активдүү бирикмелер. Алар негиздер менен туздарды:

RCOOH+NaOH®H2O+R-COONa;

спирттер менен татаал эфирлерди

R-COOH+R¢OH D  R-COOR¢+H2O

фосфор галогениди, тионил хлорди жана сульфирил менен хлорангидриди R-COCl, ал эми сууну өзүнө тартып алуучу заттар таасиринде ангидрид (RCO)2O пайда кылат. Щелочтор катышуусунда ысытууда декарбоксилдөө реакциясы жүрөт:

-он

R-COOН  ®  CO2+R-H

t

Ароматтык К. К. C6H5-COOH карбоксил тобу экинчи тектеги багыттоочу болгондуктан өзүнөн кийинки орун алмашуучу электрофилдик топту ядронун м-абалына багыттайт. К. к. жаратылышта (айрыкча алифаттык) эркин түрүндө да, бирикмелер түрүндө да көп таралган, Алар өсүмдүктөр мөмөлөрүнүн, май, кан курамында кездешет. Синтездик ыкма менен к-талар нитрилдерин гидролиздөөдөн, углеводород, спирт, альдегидди окистендирүүдөн алынат. К.к. бирикмелери эл чарбасында чоң мааниге ээ. Мис., кумурска жана уксус к-талары кездеме боёодо ; уксус к-тасы жана ангидриддери ацетилцеллюлоза алууда, ал эми мол. массасы чоң К. к. самын, сыр, лак өндүрүүдө ; адипин жана терефтал к-талары синтездик була алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]