Щелочтуу металлдар

Википедия дан

Щелочтуу металлдарэлементтер мезгилдик системасы I группа негизги группа түзгөн хим. элементтер: литий (ат. н. 3) Li, натрий (11) Na, калий (19) К, рубидий (37) Rb, цезий (55) Сs, франций (87) Fr, Li 1817-ж Арфедсон, Nа менен Сs 1861-ж. Бунзен, Fi 1939-ж М. Пере тарабынан ачылган. Бул металлдар гидрооксиддери күчтүү (негиз) щелоч болгондуктан щелочтуу металлдар деп аталат. Алардын окистенүү даражасы +1. Күмүшкө окшогон боз түстөгү, жумшак, тыгыздыгы төмөн, салыштырмалуу төмөнкү темп-рада эриген жана кайнаган, жеңил металлдар. Хим. жактан активдүү. Активдүүлүгүлитийден францийди көздөй жогорулайт. Щ. м. күчтүү калыбына келтиргичтер.Н2О, О2, гапогендер менен өтө тез, ал эми Н2, S, Р, N2 менен ысытканда, NН3 менен баскычтуу хим. реакцияга киришет. К-тадан Н2 оңой сүрүп чыгарышат. Щ. м. сымапта жакшы эрип амальгамаларды пайда кылышат. Li хим. касиеттери К караганда Мg жакыныраак. Литий иону комплекстерди пайда кылат, мис., (Li(NН3)4Вr. Ж. м. О2 жана Н2О буусу жок керосинде же майлуу суюктуктарда сакташат. Электролиз, термикалык 700-1200°С вакуумда калыбына келтирүү ыкмалары менен алынат. Щ. м. техникада, орг. боёкторду, самынды, тетраэтил-коргошунду, женил куймаларды алууда, катализатор катары, фотоэлементтерди жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]