Глицерин

Википедия дан
Глицерин.
Глицерин.

Глицерин (гр. glykeros - таттуу), (1,2,3-пропантриол) – эң жөнөкөй үч атомдуу спирт; СН2ОН-СНОН-СН2ОН; мол. масс. 92,09; таттуу, жыты жок, түссүз илээшкек суюктук; балкып эрүү t 17,9оС; кайноо t 290оС (ажыроо м-н); d420 1,260; nD20 1,4740.

Суу, этанол, метанол, ацетон менен бардык катышта аралашат; хлороформдо жана эфирде эрибейт, алардын этанол менен болгон аралашмаларында эрийт. Абадан нымдуулукту тартып алат (масса б-ча 40 %ке чейин). Г. суу менен аралаштырганда жылуулук бөлүнүп чыгып, контракция (көлөмдүн азайышы) процесси жүрөт. Г.-суу эритмелери төмөнкү темп-раларда, мис., 66,7 % глицерини бар аралашма -460С тоңот. Мол-сында үч ОН-группасы болгондуктан, Г. үч катар өзүнүн туундуларын берет, моно- жана дитуундулары 2 структуралык изомер түрүндө болушу мүмкүн. Г. СН2Х-СНОН-СН2ОН же СН2Х-СНХ-СН2ОН туундулары оптикалык изомерлер түрүндө болот. Г. оор металлдар оксиддери менен аракеттенишип, глицераттар пайда кылат, мис., СuО. Демек, Г. бир атомдуу спирттерге караганда күчтүүрөөк к-талык касиетке ээ. Г. суутектүү галоген к-талары же фосфор галогениди менен моно- же дигалогенидди, I2 жана Р менен - 1,2,3-трииодпропанды (йодго жана аллилиодге ажыраган туруктуу эмес бирикме), орг. эмес жана карбон к-талары менен толук жана толук эмес татаал эфирлерди, дегидратациялоодо – акролеинди пайда кылат. Г. ар кандай окистендиргич таасиринде жана ар кандай шартта Г. альдегидин СН2(ОН)-СН(ОН)-СНО, Г. к-тасын СН2(ОН)-СН(ОН)-СООН, тартрон к-тасын (НООС)2-СНОН, дигидроксиацетонду НОСН2-СО-СН2ОН, мезоксаль к-тасын (НООС)2-СО алса болот. Ал эми KMnO4 жана K2Cr2O7 таасиринде Г. СО2 жана Н2О чейин окистенет. Г. аралаш карбон к-таларынын триглицериди түрүндө жаратылыш майларынын курамында болот. Өнөр жайларда катализатордун (к-талар, щелочтор, ферменттер) катышуусунда Г. жана май к-таларына ажыроочу тамак-аш майларынын самындашуу реакциясы аркылуу алынат. Г. алууда синтездик методдор чоң мааниге ээ. Алардын бири - өндүрүштө колдонулуучу хингидриндик метод. Г. пропиленден хлорсуз синтездөө методдору да белгилүү. Г. алюминий же дат баспаган болоттон жасалган идиштерде (азот жаздыгынын астында) сакталат. Г. нитроглицерин, глифтал чайырларын алууда, кездеме, тери, кагазды жумшартыш үчүн, эмульгаторлор, антифриздер, өтүк майларынын, самын жана желим, парфюмериялык жана косметикалык каражаттар, кондитердик азыктар компоненти катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]