Нитроглицерин

Википедия дан
Нитроглицерин.

Нитроглицерин (глицеринтринитрат) O2NOCH(CH2ONO2)2глицерин жана азот кислотасынын толук эфири; мол. массасы 221,1,; түссүз, коюу, жытсыз, май сыяктуу суюктук; техникалык Н. саргыч түстүү; d415 1,696, nд201,4736. Эки модификацияда кристаллданат: туруктуу (ромбикалык бипирамида түрүндө), тоңуу t –13,4оС жана лабилдик (үч тилке түрүндө) тоңуу t 2,8о С. Ацетон, эфир, метил спирти, концент. уксус к-тасы, бензол, толуол, ксилол, нитробензол жакшы, глицерин, бензин, лигроинде начар эрийт; сууда – 0,14 % (25оС), 0,4 % (50оС) эрийт. Күчтүү жарылгыч зат (механикалык таасирлерге сезгич келет, динамит жана башка жарылгыч куралдар курамына кирет). Н. глицеринди нитрлөөдөн алынат:

СН2(ОН)-СН(ОН)-СН2ОН + 3HNO3 CH2(ONO2)-CH(ONO2)-CH2ONO2 + 3H2O

Өндүрүштө Н. өтө жарылгыч болгондуктан, аны алыс аралыкка ташууга тыюу салынган. Бардык өндүрүлгөн Н. жарылгыч заттар жана түтүнсүз жарылуучу дарылар алууда, аз өлчөмдө суюлтулган эритме жана таблетка түрүндө медицинада кан тамырларды кеңейтүүчү каражат катары пайдаланылат. Н. уулуу зат, тери аркылуу канга өтүп, өтө катуу баш оорууну пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]