Динамиттер

Википедия дан
Динамиттер.

Динамиттер (фр. dynamite, гр. - dynamis - күч) – 15 % нитроглицерин же башка суюк нитроэфирлер алып жүргөн аралаш бризанттык жарылгыч заттар. Биринчи гурдинамиттер (1867-ж. А. Нобель ачкан) - нитроглицерин күкүм түрүндөгү инерттүү толтургучтар (кизельгур, тальк, MgO жана башка) менен аралашмалары. Бул Д. нитроглицерин толтургуч менен өтө бек байланышкан эмес, ошондуктан нымдуулук көп жерде колдонгондо, суу менен оңой сүрүлүп чыгат. Желатиндинамиттер (1875-ж. А. Нобель) гурдинамиттерге караганда туруктуу болот. Желатиндинамиттер негизин динамиттик желатин - нитроглицериндеги целлюлоза нитратынын коллоиддик эритмеси (коллоксилин, коллоидин пахтасы) түзөт. Желатин курамына окистендиргичтер (K, Na, Ca жана аммоний нитраттары), күйүүчү кошумча заттар (жыгач уну, дан өсүмдүктөр уну жана башка), пластификаторлор (моно- жана динитротолуол), стабилизаторлор (Na2CO3 же башка негиздер) кириши мүмкүн. Д. күчтүүлүгү, тыгызд. суу таасирине туруктуулугу нитроглицерин санынын көбөйүшү менен өсөт, ошону менен бирге алардын механикалык таасирлерге жана жалынды сезгичтиги жогорулайт. Д. стабилдүүлүгү да колдонулган нитроцеллюлоза түрлөрүнө, анын нитроэфирлерде эришине көзкаранды. XIX к. аягында XX к. башында Д. жардыруу иштер бардык түрүндө: мис., жер жана суу алдында тоотектерин жардырууда, аларды пергамент кагаздан жасалган гильзалардагы патрон түрүндө (диаметри 2,0-3,6 см, узундугу 10-20 см) колдонушкан. Кээ бир өлкөлөрдө экономикалык себептер б-ча жана Д-ди колдонууда коркунуч туудургандыгы үчүн өндүрүштө чыгарылбайт. Жардыруу иштер үчүн колдонууда коркунучу жок бризанттык жарылгыч заттар - акваниттер, аммониттер жана детониттер (аммиак селитралык жарылгыч заттар) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]