Тальк

Википедия дан
Тальк.
Тальк.

Тальк – силикаттар классындагы минерал. Химиялык курамы Mg3Si4O10(OH)2. Моноклин системасында кристаллданат. Түссүз, агыш, жашыл сымал. Жумшак. Майланышкандай жылма. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1. Салыштырма салмагы 2,58–2,83. Ультра негиздүү тоо тектердин гидротермдик өзгөрүүсүнөн жана метаморфизмдин негизинде пайда болот; көбүнчө кремнийлүү доломиттерде кезигет. Тальк резина жана кагаз даярдоодо, медицинада, парфюмерия-косметикада, техникада (айрыкча электр изоляция материалы катары, кургак майлоочу зат), карапа алууда ошондой эле ж. б. өнөр жайда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]