Катализаторлор

Wikipedia дан

Катализаторлор — реакция учурунда сарпталбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. К. хим. аракеттенүүгө катышат, бирок баштапкы массасын жана курамын калыбына келтире алышат. Гомогендик реакцияларда процесс реакциялануучу көлөмдө жүрсө, гетерогендик реакцияларда К. сырткы бетинде жүрөт. К-дун процесске тийгизген таасирин арттыруу үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. К. беттик аянтын көбөйтүш үчүн майдаланган, тешиктүү такталар, торчолор түрүндө колдонуу ыңгайлуу. К. активдүүлүгү анын негизги мүнөздемөсү. Ал масса, көлөм концентрациясынын же үстүңкү бетинин бирдиги менен аныкталат. 1 м2 К-дун үстүңкү бетине туура келген активдүүлук өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. К. реакцияга тандама таасир этишет. Мис., ар түрдүү К. пайдалануу менен этил спиртинен түрдүү заттарды алууга болот. К. түрү көп. К-та негиздик реакцияларга: сууда эрүүчү к-талар, негиздер, кату оксиддер, алюмосиликаттар, галогендер, комплекстүү бирикмелер жана башка кирет. Ал эми окистенүү калыбына келүү реакцияларында металлдар (М, Ni, Fе, Со жана башка) жана алардын бирикмелери, оксиддер, сульфиддер жана башка колдонулат. Ө. ж-да колдонулуучу К. беттик аянты көп, жетишээрлик өлчөмдө мех. жактан бекем болуп, аз майдаланууга жана балкып эрүүгө ээ болушу, контактуу уулуу заттарга туруктуу жана кээ бир учурларда оңой калыбына келүүсү керек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]