Нукуалофа

Википедия дан
Нукуалофа.

НукуалофаТонга Королдугунун борбору. Тонга архипелагындагы Тонгатапу («ыйык түштүк») ири шуру аралында жайгашкан. Климаты тропиктик. Жылдык орточо температурасы 20˚Сден 26˚Сге чейин. Жаан-чачыны 1500 мм. Калкы 24,3 миң (2010). Өлкөнүн башкы порту (негизинен сыртка копра, банан чыгарылат).

Аралга европалыктардан алгачкылардан болуп 1643-жылы голландиялык деңиз сүзүүчү Абель Тасман, 1773- жана 1777-жылы Ж. Кук келген. 1970-жылы протекторат жоюлгандан кийин Нукуалофа - Тонганын борбору. Король ак сарайы (1865–67), ак сөөктөрдүн табыттары жана башка сакталган. Жыл сайын окумуштуу ботаниктер (миңдеген орхидеялар жана бадал гүл бакчалар кызыгууну арттырат), ихтиологдор (ар түрдүү деңиз жаныбарларын окуп-үйрөнүү үчүн), суучулдар келишет. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]