Microsoft

Википедия дан
Microsoft Corporation
Негизделген жылы

1975 - жыл

Негиздөөчүлөрү

Билл Гейтс, Пол Аллен

Жайгашкан жери

 АКШ

Өндүрүшү

Програмдык камсыздоо

Продуктулары

Microsoft Office
Microsoft Windows
Xbox
Xbox 360
(Продуктуларынын тизмеси)

Киреше айлануусу

$62,484 млрд (2010 жыл)

Таза киреше

$18,760 млрд (2010 жыл)

Жумушчуларынын саны

89 миң. (2010 жыл)

Сайт

microsoft.com

Microsoft Corporation — программдык камсыздоо өндүрүшү боюнча эл аралык эң чоң компанияларды бири. Ар түрдүү эсемтөө техникаларынын түрлөрүнө - персоналдык компьютерлер, оюн приставкалары, чөнтөк компьютерлер, уюлдук телефондор жана башкаларга програмдык камсыздоолорду иштеп чыгат. Дүйнөгө кеңири жайылган Windows иштетүү тутумдары үй-бүлөсүнүн өндүрүүчүсү. 1975- жылы түзүлгөн. Башкы кеңселери Редмонд, Вашингтон шаарларында жайгашкан. Жумушчуларынын штабы 90 миң кызматкерден турат.

Microsoft компаниясынын продуктулары дүйнөнүн 80 ден ашык өлкөлөрүндө сатылат. Програмдары 45 тен ашык тилге которулган.

2002-жылдын аягынан баштап Алматы калаасында Microsoft кеңсеси ишин алып барат. Максатары: програмдык камсыздоо жагын колдоо менен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө компьютердик технологияларды өнүктүрүү.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]