Xbox 360

Википедия дан
Xbox 360 (2005).
Xbox 360 (2013).

Xbox 360Microsoft тарабынан иштелип чыккан үй видео оюн консолу. Түп нуска Xbox'тун мураскери болгон Xbox 360 Xbox сериясындагы экинчи консол болуп саналат. Xbox 360 жетинчи муундагы видео оюн консолдорунун бөлүгү катары Sony'нин PlayStation 3 жана Nintendo'нун Wii консолдору менен атаандашат. Xbox 360 расмий түрдө 2005-жылдын 12-майында MTV'де жарыя кылынган. Ачыкка чыгаруу жана оюн тууралуу толук маалымат ошол эле айда кийинчерээк E3 иш-чарасында белгилүү болгон.

Xbox 360 Xbox Live аттуу онлайн кызматты камтыйт. Ал мурдагы түп нуска Xbox'тон кеңейтилген версиясы жана консолдун жашоосу учурунда улам жаңыртылып турган. Акысыз жана жазылууга негизделген версиялары жеткиликтүү болгон Xbox Live колдонуучуларга оюндарды онлайн ойноо; оюндарды жана оюн демолорун жүктөп алуу (Xbox Live Arcade аркылуу); Xbox Music жана Xbox Video порталдары аркылуу музыка, телеберүүлөрдү, тасмаларды сатып алып көрүү; үчүнчү тараптардын кызматтарына медиа колдонмолор аркылуу жеткилик алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Онлайн мултимедиа өзгөчөлүктөрдөн тышкары Xbox 360 колдонуучуларга локалдык PC'ден медианы ойнотуу мүмкүнчүлүгүн берет. Зымсыз башкаруучу, кеңейтилген катуу диск эс тутуму жана Kinect кыймыл сезгич камера сыяктуу бир нече кошумча кызматтар дагы жарык көргөн. Бул кошумча кызматтардын жарык көрүшү Xbox брендине жалгыз эле оюн эмес, жалпы мултимедианы камтый алышына өсүүгө өбөлгө түзгөн. Ал башкы бөлмөдөгү оюн-зоок компүтер хабына айланган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]