Microsoft Office

Википедия дан

Microsoft Office - Microsoft тарабынан Microsoft Windows, Windows Phone, Android, OS X, iOS операциондук системдери үчүн түзүлгөн офистик колдонмолор куржуну. Бул пакеттин курамына текст, электрондук жадыбал, берилиштер базасы ж.б. ушул сыяктуу түрдүү документтер менен иштөөчү программалык камсыздоо кирет. Microsoft Office OLE-объекттердин сервери болуп саналат. Анын функцияларын башка колдонмолор да, Microsoft Office'тин өзүнүн колдонмолору да колдоно алышат. VBA'да жазылган скрипттерди жана макросторду колдойт.[1]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Microsoft Office курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Microsoft Office'тин бир канча редакциясы бар. Редакциялардын айырмасы - куржундун курамында жана баасында. Булардын ичинен эң толугу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Microsoft Word - текст процессору. Windows, Android жана Apple Mac OS X үчүн жеткиликтүү. Ар кандай татаалдыктагы документтерди түзүүгө мүмкүндүк берет. OLE, башка иштеп чыгуучулардын кошмо модулдарын, шаблондорун ж.б. колдойт. Акыркы нускадагы негизги формат, XML текстти жана башка керектүү графиканы камтыган ZIP-архив түрүңдөгү, ачык деп көрсөтүлгөн Microsoft Office Open XML болуп саналат. DOC жайылмалуу файлдардын экилик форматы болгон Microsoft Word 97—2003 эң кеңири тараган формат бойдон калып келет. Аталган продукт текст процессорлорунун рыногунда алдыңкы орунда турат. Форматтары көпчүлүк ишканаларда документ жүгүртүүдө де-факто стандарт катары колдонулат. Word Microsoft Works'тун айрым редакцияларында да жеткиликтүү. Окшош программалар: OpenOffice.org Writer, LibreOffice Writer, StarOffice Writer, KWord, NeoOffice Writer, Corel WordPerfect жана Apple Pages (жалгыз Mac OS платформасында), ошондой эле, бир нече шарт менен AbiWord (булактарынан көп нерсе күтлбөгөн шартта, мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болуп, аз көлөм жана иштин ылдамдыгы маанилүүрөөк болгондо).
  • Microsoft Excel - жадыбал процессору. Ар кандай татаалдыктагы электрондук жадыбалдарды түзүү үчүн зарыл болгон бардык функцияларды колдойт. Рынокто алдынкы орунду ээлейт. Акыркы нускасы ".xlsx" жайылмалуу OOXML форматын колдонот. Мурдагы нускаларында ".xls" жайылмалуу экилик формат колдонулган. Windows жана Apple Mac OS X'те жеткиликтүү. Милдеттери окшош башка программалар: OpenOffice.org Calc, LibreOffice Calc, KSpread, StarOffice, Gnumeric, Corel Quattro Pro и Apple Numbers (Mac OS платформасында гана).
  • Microsoft Outlook (Outlook Express менен чаташтырбоо керек) - жеке коммуникатор. Outlook курамына төмөнкүлөр кирет: календарь, милдет пландоочу, эскертме, электрондук почта менежери, дарек китеби. Тармакта биргелешип иштөө мүмкүн. Почталык кардардын эквивалент программалары: Mozilla Thunderbird/SeaMonkey, Novell Evolution, Claws Mail, Eudora Mail, The Bat!; жеке маалыматтар менежери - Mozilla, Lotus Organizer жана Novell Evolution. Windows жана Apple Mac OS X'те жеткиликтүү.
  • Microsoft PowerPoint - Microsoft Windows жана Apple Mac OS X'те сунум даярдоочу программа. Окшош программалар: OpenOffice.org Impress, LibreOffice Impress, KPresenter, Corel WordPerfect жана Apple Keynote.
  • Microsoft Access - берилиштер базасын башкаруу колдонмосу. Эквивалент программалар: OpenOffice.org Base, LibreOffice Base, Kexi.
  • Microsoft InfoPath - берилиштерди чогултуу жана башкаруу колдонмосу - маалымат чогултуу жүрүмүн жөнөкөйлөтөт.
  • Microsoft Communicator (Microsoft Lync) - адамдардын ортосунда ар тараптуу баарлашуу уюштурууга арналган. Microsoft Office Communicator 2007 менен ылдам билдирүүлөрдү жиберип баарлашуу, ошондой эле, укма жана көрмө маек куруу мүмкүн. Бул колдонмо Microsoft Office'тин программа куржунунун бир бөлүгү болуп саналат жана аны менен тыгыз интеграцияланган. Бул Microsoft Office бүлөсүндөгү бардык программалар менен бирге иштөөгө шарт түзөт. Бирок программаны иш тактасында ачкандан кийин Lync жабылбайт. Түзмөктүн жумушу бүткөңдө да, тапшырмалар тактасында кала берет.
  • Microsoft Publisher - жарыя даярдоочу колдонмо.
  • Microsoft Visio - бизнес диаграммалар жана техникалык диаграммалар менен иштөөчү колдонмо. Концепцияларды жана кадимки бизнес-берилиштерди диаграммаларга айландырат. Окшош программалар: LibreOffice Draw, OpenOffice.org Draw, yEd Grapth Editor.
  • Microsoft Project - долбоорду жөндөө.
  • Microsoft Query - берилиштер базасындагы маалыматтарды кароо жана иргөө.
  • Microsoft OneNote - эскерме жазып алуу жана аны жөндөө.
  • Microsoft Groove - бирге иштөөнү колдоочу колдонмо.
  • Microsoft SharePoint Designer - колдонмолорду Microsoft SharePoint платформасында түзүүчү жана SharePoint түйүнүн адаптациялоочу шайман.
  • Microsoft Picture Manager - сүрөттөр менен иштөө. Эквивалент программа: OpenOffice.org Draw.
  • Microsoft Document Image Writer - Microsoft Document Imaging Format форматын баскан виртуалдык принтер.
  • Microsoft Diagnostics - Microsoft Office'тин бузук колдонмолорун диагноздоо жана калыбына келтирүү.

Буга чейин Microsoft Office'ке Microsoft FrontPage колдонмосу кирчү (сайт жасоочу программа). Бирок Microsoft бул программаны Office'тен чыгарып, иштеп чыгууну токтотуу чечимин кабыл алган. Microsoft Office 2007'де FrontPage программасынын ордуна Microsoft SharePoint Designer коюлган.

Уруксат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Microsoft чекене сатууну колдоодон тышкары, катышуучу уюмдун кызматкерлерине Microsoft Office продуктуларын үйдө колдонууга жеткилик берген "Home Use Program"-ды (HUP) сунуштайт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Compu-stubКалып:Software-stub

  1. Программанын өзгөчөлүктөрү Microsoft Office жылы Android