macOS

Википедия дан

MacOS X.

macOS (айтылышы макоуэс; мурдагы Mac OS X, кийинчерээк OS X) — Unix'ке негизделген графикалык операциондук системалардын учурдагы сериясы. Ал Apple'дын Macintosh компүтерлерин ("Мактарды") жүргүзүш үчүн Apple Inc. тарабынан иштелип чыгып сатыкка коюлган. Ал 2002-жылдан бери бардык Мактарда алдын ала орнотулуп келет. Иш такта, ноутбук жана үй компүтерлер базарында жана интернет пайдалануу боюнча ал Microsoft Windows'тон кийин кеңири колдонулган экинчи иш такта OS (операциондук система) болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Mac OS X деген аталыш менен 2001-жылы жарык көргөн бул сериялар Macintosh операциондук системалар үй-бүлөсүндөгү эң соңкусу болуп саналат. Mac OS X 1984-жылы ишке киргизилген "классикалык" Mac OS'тен кийин келген. Анын акыркы чыгарылышы 1999-жылы чыккан Mac OS 9 болгон. Бул системанын алгачкы, мурдагы версиясы Mac OS X Server 1.0 1999-жылы жарык көргөн. Биринчи иш такта версиясы Mac OS X 10.0 2001-жылдын мартында чыккан. Түп нускадан тарта OS X 10.8ге чейинки системалар Mountain Lion делип, аларга чоң мышыктардын код аты берилген. 2013-жылдагы OS X 10.9 Mavericks'тен кийинки системаларга Калифорниядагы таанымал жерлердин аты ыйгарылган. Apple баштапкы "Mac OS X" деген аталышты 2012-жылы "OS X" деп, ал эми 2016-жылы "macOS" деп өзгөрткөн. Өзүнүн iOS, watchOS жана tvOS деген башка операциондук системаларында пайдаланган номенклатуралык аталышты кабыл алган. macOS'тун эң акыркы версиясы macOS 10.12 Sierra жалпыга 2016-жылдын сентябрында пайдаланууга берилген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]