Билл Гейтс
Билл Гейтс | |
William Henry Gates III | |
Төрөлгөндөгү аты: |
Уильям Генри Гейтс III |
---|---|
Ишмердүүлүк тармагы: |
ТөрагаБилл жана Мелинда Гейтс корунда |
Туулган датасы: |
28 -октябрь 1955 (68 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Атасы: | |
Апасы: | |
Жубайы: | |
Балдары: |
Дженнифер Катарин Гейтс, |
Сыйлыктары: |
|
Сайт: |
Microsoft PressPass - Bill Gates. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2011. |
Уи́льям Ге́нри Гейтс III (англ. William Henry Gates III; 28.10.1955, Сиэтл [1]), таанымал ысымы Билл Гейтс (англ. Bill Gates) — америкалык ишкер жана коомдук ишмер, Пол Аллен менен бирге түзгөн жана Microsoft компаниясынын эң ири акционери. 2008-жылга чейин компаниянын башчысы, ал кеткенден кийин директорлор кеңешинин аткаруучу эмес төрагасы ордунда калды.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жеке жашоосуна келсек, Гейтс 38 жашында Мелинда Френч менен баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик Microsoft компаниясынын жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын башкы аткаруучу директорлугунан да кеткен. Башкы аткаруучу директорлук кызматты Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер ээлеген. Учурда Б. Гейтс «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.
Кызыктуу фактылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2007-жылы Гарвард университетинин администрациясы Гейтсти Гарвардды аяктады деп эсептеп, диплом тапшырган.
- Улуу Британиянын Рыцарь-Командор деген империялык ордени менен сыйланган.
- Кайрымдуулук үчүн миллиондогон акча жумшайт. 1 миллиард доллар кедей, таланттуу студенттердин стипендиясына бөлүп берсе, вакцинацияны өнүктүрүү үчүн 750 миң долларын аяган эмес.
Тиркемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Manes, 1994, p. 11