Талас облусу
| |||
| Өлкө |
Кыргызстан | ||
|---|---|---|---|
| Административдик борбор | |||
| Башчысы |
Эралиев Дастан | ||
| Расмий тили | |||
| Калкы |
263 500 | ||
| Жыштыгы |
20,33 адам/км² | ||
| Тууралыгы | |||
| Узундук | |||
| Коду ISO 3166-2 |
KG-T | ||
| Расмий сайты | |||
Талас облусу - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2022-жылдагы эсеп боюнча 274 029 адамдан турат. Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет. Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген. Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон. Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактарга шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Облустар |
| |
|---|---|---|
| Шаарлар |
| |




